Рет қаралды 240,657
Имам Азам Абу Ханифа ким болгон?
699-жылы Абу Ханифа төрөлөт. Ал төрөлүп, чоңойгон жер жогоруда айткандай ызы-чуу болгон, башаламан болгон бир шаар. Бул Куфа шаарынын маселелерине, мүшкүлдөрүнө карап туруп, Имам Азамдын кылган кызматынын оордугун, катаалдыгын ал жашаган доордун кыйын бир учур болгондугун көрсөк, байкасак болот. Бир жактан элдин мүнөзү оор болсо экинчи жактн ошол кездин саясий абалы өмүр бою Имам Азам үчүн оор сыноо болгон.