ИИМдин Күзөт кызматы 6 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

  Рет қаралды 1,128

МВД КР

МВД КР

Күн бұрын

Ыкчам кеңешмеге Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын башчысынын орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, Ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын башчысы жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
ИИМдин Күзөт кызматынын 6 ай аралыгындагы аткарылган иштери боюнча видеотасмасы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалыктардын жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары аткарылган иштер боюнча маалыматтарды беришип, алардын алдына тапшырмалар коюлду.
Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндө 2023-жылдын 3-февралындагы ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткарууда Күзөт кызматы 6 ай аралыгында бир топ иштерди аткарууга жетишкен. Алсак, Күзөт кызматынын борбордук көзөмөл пунктунун бөлмөлөрү реконструкцияланып бүткөрүлдү. Ошондой эле интернет, локалдык тутумдары, телефон жана радиобайланыштары жаңыдан тартылып автоматташтырылган иш орундарына орнотулуп толугу менен ишке берилди.
Күзөт кызматынын санарип багытында ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде өнүктүрүү максатында 2023-жылдын апрель айында Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов атайын делегация менен Россияда өткөн Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты. Анда жаңы техникалык каражаттар менен таанышып, Күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө, күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук тутумдары боюнча техникалык каражаттарды даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары, иш сапардын алкагында Росгвардиянын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жарандардын мүлкүн, стратегиялык объектилерди кайтарууда кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. “Ыкчам күзөт” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторунун кызматкерлерине бодикамералар, планшеттер берилип, автоунааларына орнотулган GPS-навигациясы видеодубалга чыгарылды. Бул иш-чаралар аймактагы күзөт бөлүмдөрүндө дагы четинен ишке ашырылууда.
Кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды. Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу боюнча тапшырмалар коюлду.
Иш-чаранын соңунда Октябрь Урмамбетов Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалап, 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча алгылыктуу жыйынтыкка жетише албаган бир катар жетекчилерге белгиленген мөөнөттө өз ишин жакшырта албаса, тартиптик жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.
ИИМдин Күзөт кызматынын
Басма сөз кызматы

Пікірлер: 2
@user-hi1he8xv9s
@user-hi1he8xv9s Жыл бұрын
Азимдарго
@БахтиярМарипов-в8м
@БахтиярМарипов-в8м Жыл бұрын
Прямо не чего не говорья сделайтье проверку не ожыданно скрытой камерой особенно гаиищникам по дороге они только свой карман набывает.если водителья толк нету тогда они начнут оформлят они очень грубо отнощениях с водительями .они незнает свои обчзанности .когда начынаещь с ными по процедуру потом начинает свои коручку показать.очень много тупые .
КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ КИМДИ КОРГОЙТ?
23:46
ЭлТР МАДАНИЯТ
Рет қаралды 3,1 М.
Как мы играем в игры 😂
00:20
МЯТНАЯ ФАНТА
Рет қаралды 3,2 МЛН
Worst flight ever
00:55
Adam W
Рет қаралды 29 МЛН
Inside Out 2: ENVY & DISGUST STOLE JOY's DRINKS!!
00:32
AnythingAlexia
Рет қаралды 13 МЛН
Садыр Жапаров Зардалыга барды
10:58
Otkurbek Rakhmanov
Рет қаралды 143 М.
Совещание генералов     Уральские Пельмени  Ковбои здесь тихии
9:49
Быйыл күзөт кызматына 55 жыл
1:36
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 437
Как мы играем в игры 😂
00:20
МЯТНАЯ ФАНТА
Рет қаралды 3,2 МЛН