Рет қаралды 16,261
Адамдын керектөөсү чексиз. Дал ушул чексиз керектөөнү канааттандыруу үчүн чектелген ресурстарды кантип сарамжалдуу, үнөмдүү, эффективдүү пайдалануу керектигин изилдей турган турган илим- бул экономика. Экономиканын борборунда адам турат. Анын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жүргүзүлүп жаткан бардык чарба иштери -экономикалык процесстер. Демек, экономика биздин күнүмдүк турмушубуздун ичинде. Бул сабакта: Экономиканын сиздин жашоодо орду барбы? Күнүмдүк турмушуңузда экономиканы колдоносузбу? -деген суроолор коюлуп, адамдагы чектелген ресурстарды кантип эффективдүү колдонсо боло тургандыгына саресеп салынган.