Рет қаралды 87,376
АДИЛ МОЛДОЕВ ТИК УЧАК МЕНЕН БОРБОРГО ЖЕТКИРИЛДИ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү жана тапшырмасы менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан подполковник Адил Молдоев реаниматолог жана нейрохирург дарыгеринин коштоосунда атайы тик учак менен Бишкек шаарына жеткирилди.
Маалым болгондой Бишкек шаарынын Улуттук госпиталынан келген дарыгерлер жерине барып, бейтептын абалын кароо жалпы дарыгерлер менен өткөн экинчи ирет сүйлөшүүдө тик учак менен алып кетүүгө боло тургандыгы тууралуу чечим чыгарышкан.
Тик учак саат 14:50дө Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шарынан учуп чыгып, саат 16:10дө Бишкек шаарына конуп, учурда тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР