Рет қаралды 74
Кыргыз адабиятында бардык жанрда калемин сынаган: акын, жазуучу, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыковдун 75 жылдык мааракеси жер-жерлерде белгиленүүдө. Бүгүн Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде жолугушуу уюштурулуп, чыгармачылык маданий иш-чара өттү. Акын Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. Чыгармачылык жолунда 100дөгөн ар кандай аталыштагы китептери жарыкка чыккан. 200дөн ашуун ырларына обондор жазылган. Учурда 75 жылдык мааракесине карата 500 беттен турган 20 томдугу басмага даярдалууда.