Рет қаралды 56,405
Өлкө башчысынын чыгарган жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга чейин жогорулайт. Жарлыктын негизинде эң төмөнкү пенсиянын көлөмү 6900 сомго теңдештирилет. Ал эми бул каражаттан жогору акча алгандардын пенсиясы суммасына жараша көтөрүлүшү күтүлүүдө. Учурда Нарын облусу боюнча 55 917 пенсионер 565 млн 749 миң 400 сом акча каражатын алышат.