Рет қаралды 1,065
2023-2024-жылкы окуу жылында Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебине 6,5 млн. сомдук инвестиция тартылган. Бул каражаттын 3 млн 275 миң сому Баетов айыл өкмөтүнөн бөлүнүп, кичи футбол аянтчасы курулган. Келечекке билим долбоорунан бир млн 68 800 сомго алты проектор, 21 компьютер келген. Калган каражаттар демөөрчүлөр, коомдук уюмдар тарабынан каржыланган. Жыл башынан бери аталган мектепте тогуз автордук кабинет демөөрчүлөрдүн жардамы менен ачылган. Бүгүн Техника илимдеринин доктору Алымбек Татыбековдун ысымы берилген физика кабинети ачылды. Кабинетке физика илимине байланышкан стенттер орнотулуп, шкафтарга атайы приборлор коюлган. Кененирээк маалымат кийинки материалда