Рет қаралды 46,181
Өтүп бара жаткан жыл өлкөбүз үчүн социалдык-экономикалык жактан жемиштүү жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Мисалы, жыл жаңырар алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу башталды. Экономисттер миңден ашык жумушчу орунду түзгөн бул курулуш өлкө үчүн экономикалык жактан чоң локомотив болот деп жоромолдошууда. Ал эми босогодо турган Жылан жылын астрологдор менен кыргыз санжырачылары байлыкты чакырган жемиштүү жылдардан болот деп болжолдоп жатышат.