Рет қаралды 2,384
Президент Садыр Жапаров 2019-жылы көзү өтүп кеткен уулу Дастандын жаткан жерине барып, эч кандай эстелик коюлбаганын көрсөттү. Ал уулун коердо мал сойдуруп, дасторкон жайдыртпаганын дагы эстеп, элди ысырапкерчиликке барбоого чакырды.
Үч бодо мал даярдадык, жетеби деп айтып калышты. Мен телефондон дароо эле "тоок дагы сойбойсуңар" дедим. Үч малды агытып жибергиле, сойбойсуңар дедим. Ой кой, Бишкектен бери келгендер ачка болот, сөз кылып кетишет деди. Сөз кылса мени кылышсын, мен той берип жаткан жокмун. Аза күтүп атам.
5 миңден ашуун киши келди. Эч кимиси сөз кылбай эле, туура түшүнүп, сонун экен, жакшы экен, үй ээси аза күтүп атса биз тамак ичип отурганыбыз чындап эле ыңгайсыз болот экен дешти.