Рет қаралды 49,486
Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратып жатат. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, өлкөдөн накталай долларлар Орусияга чыгарылып жатканын билдирүүдө. Бул кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолу бар? Өкмөт жаңыдан сунуштап жаткан механизмден майнап чыгабы? Соңку кырдаалдын кесепети кандай жана айрым өлкөлөрдөгүдөй чет элдик валютанын «кара базарын» пайда кылбайбы? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» бүгүн талкуулайбыз.
Программага экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, учурда ишкерлик менен алектенип жаткан мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, экономист, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин экс-директору Шумкарбек Адилбек Уулу жана экономист, Москвадагы Жогорку экономика мектебинин аспиранты Нургуль Акимова катышат.
Программаны саат 19.30да «Азаттыктын» соцтармактагы баракчалары жана NEXT TV каналынан түз көрүңүз…
#эксперттерталдайт #доллар #Кыргызстан
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Az...
t.me/azattykrus