Рет қаралды 78,339
Ван кыргыздары жөнүндө жалпы маалымат.
Жүз жылдай убакыт мурун кыргыздардын бир бөлүгү Ооганстанга, кийин 1970-жылдардын аягында Түркияга көчүп, Ван көлүнүн жанында отурукташып калган. Азыр Түркиянын Ван провинциясында төрт миңге жакын кыргыз жашайт. Алар салтын сактап калган менен, жаштары тилин дээрлик унутуп калышкан.
Кыргыздар Түркиянын Ван облусуна Ооганстандын аймагынан Рахманкул хандын демилгеси менен көчүп барышкан. Мындайча айтканда, алар Ооганстандын бийик тоолорундагы памирлик кыргыздардан бөлүнүп кетишкен.
Чоң көч 1978-жыл башталган: Памир кыргыздардынын бир бөлүгү Ооганстанда марксисттер бийликке Апрель революциясынан кийин келген соң ал жактан кетмек болушкан.
Адегенде кыргыздар Пакистанга көчүп барышкан, бирок Вахан босогосунун катаал аба ырайына кынык алып алгандан кийин ысык жерге көнө албай коюшкан. Американын визасын алып, Аляскага көчүп кетели дегиче болбой , кыргыздардын тобун Түркия кабыл алган.
1983-жылы Түркиянын өкмөтү өлкөнүн эң чыгыш жагындагы Ван процинциясынан кыргыздарга жер бөлүп берген. Ошентип Улуупамир айылы пайда болгон.
Түркиядагы Ван провцинциясы Иран менен чектешет.
Азыр Түркияда төрт-беш миңге жакын Ван кыргыздары жашайт, алардын миңи чоң шаарларга көчүп кетишкен.
Аял-эркектин саны бирдей эле. Элде кайсы бир жыныстын үстөмдүгү жок.
Улуупамирдин аты Улуу Памирде калган кыргыздар тууралуу эстетип турат.
Азыр эң кыйын маселе - кыргыз тилин үйрөнүү. Акаевдин заманында Кыргызстан менен Ван кыргыздарынын ортосунда макулдашуу болчу экен. Түркияга кыргыз тил мугалимдери келип окутуп турушчу экен. Ошондуктан чон муундар кириллицаны жакшы өздөштүрүшкөн. Андан тышкары, аларга кыргыздын тарыхын, маданиятын үйрөтүшкөн, алар болсо өз кезегинде ал билимди балдарына калтырышкан.
Тилекке каршы, Аскар Акаев кеткенден кийин макулдашуу иштебей калшан. Кыргыз тилинде дээрлик эч ким сүйлөшпөйт.Азыр Ван кыргыздары балдарынын кыргыз тилин жана маданиятын билишин каалашат.
Кээ бири кыргызча сүйлөшүп жатабыз деп ойлошот. Бирок чындыгында алар түрк тили менен кыргыз тилинин окшоштугун байкашпайт. Алар түркчө сүйлөсө деле кыргызча сүйлөп атабыз дешет экен.
Азыр айылда түрк тили гана үйрөтүлөт. Биз кыргыз тарап мурдагы макулдашууну жаңыртып, биздин маселени чечет деп үмүт кылабыз.
Кыргыз тилин улгайган адамдар эле билбесе, башкалары билбей деле калыптыр.Айылда сегиз класстык бир мектеп бар. Анда 20-30дай мугалим иштейт экен
Айылдын четинде дарыканасы жана оорукана бар. Баарынын унаасы бар, кимдир бирөө ооруп калса ооруканага бат эле жетсе болот.
Жалпысынан эч кандай кыйынчылык деле жок.
Ван кыргыздары начар, ылайыкташпаган шартта жашайт деп ойлошот.
Тескерисинче,алар абдан жакшы шартта жашап, мамлекеттик колдоо бар экен. Мага илгерки СССРди эске салды. Коммунальные услуги жок, билим жана медицина бекер, мамлекеттик колдоо бир калыпта болгондуктан, эл да ошол стабилдүүлүккө көнүп калган.
Жумуштан аскер, чек арачы элн жумуш бар, бирок көпчүлүгү аскер болгусу келбейт, ошондуктан чоң шаарларга көчүп кетишет. Адатта чек арачылар бир жерде 10-15 жыл жашашат. Алар бул эмгеги үчүн айына 350-500 доллар алышат.
Кыргыз айылдары менен салыштырганда, Ван кыргыздарынын жашоо деңгээли кантсе да жогору. (урушпагыла, бирок чындык ушундай)
Улуупамирликтер мал багып, дыйканчылык кылышат. Жаштар окуйт, билим алабыз деп шаарга качышат. Текст, видео Рыскүл Акимжанованыкы...