Рет қаралды 1,581
Киши өтүп кеткенде кандай каада-салттар колдонулаарын Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургуну Zahirsan Cengiz Захиршаа Женгиз айтып берди.
Акырына чейин уксаныздар, Вандык кыргыздардын бири-бирине болгон камкордугун, ынтымакчылыгына угасыздар.
Аза күтүп турганда өтүп кеткен кишинин жакындарына эч нерсе кылдырышпай, бардык түйшүгүн кошуналары, алыс туугандары мойнуна алышат экен.
Туугандары жылдыгына чейин жумалыгын бербесе, үчүлүк, жетилик, кыркы, ашын да кошуналары өткөрүп беришет.
Видео, текст Рыскүл Акимжанованыкы...