Рет қаралды 425
#ВИРУСОЛОГИЯ #BOOKINBISH
Вирустар жана вирус оорулары жөнүндөгү илим. Вирусология 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар жана кишиде кеңири таралгандыктан, Вирусология медицина жана биология илимдеринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, медициналык, ветер., өсүмдүк жана жаныбарлардын Вирусологиясы жана молекулалык биология болуп бөлүнөт.