Рет қаралды 25,055
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада Баткенде, кийин бул аптанын башында Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынынын алдында да Тажикстандан Ворух анклавына барган жол тууралуу маселени көтөргөн. Анын айтымында, учурдагы Ак-Сай айылын аралап өткөн жол жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо үчүн керек, экинчи Бакай жерлигин аралап өткөн жол кийин Ак-Сайдын кеңейишине тоскоол кылат. "Ворух анклавына кайсы бир деңгээлде баары бир жол беришибиз керек" деген Ташиев. Мындан улам "Тажикстандан Ворух анклавына өзүнчө жол куруп берүү керек дегенди сиз колдойсузбу?" деген суроо менен депутаттарга кайрылдык.Алардын жообун толугу менен "Собол TIME" рубрикасынын кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.
"Яндекс Плюс" - yandex.o.kg/kg/