Рет қаралды 290,830
#Ыдырыс_Исаков, #Коля, #Кең_Сай.
Кулбак Атабеков - 1959-жылы 1-августта Ош шаарынын Озгур айылында туулган. Акыркы жылдары эсеп палатасынын Ош-Жалал-Абад-Баткен облустары боюнча башкармалыгында курулуш тармагын көзөмөлдөөчү инспектор болуп иштеп жүргөн. Атабековго карата Каржы полициясы 2020-жылы ушул эле Кең-Сай массивиндеги ички жолдорунун курулушунан 13 млн сомду жеп алган деген айып тагылган. Убактылуу кармоочу жайда жатып чыккан. Келтирилген чыгымды төлөп берип кутулган. Ошол эле каржы полициясы тарабынан Атабековго карата Кең-Сай массивине курула турган подстанциянын эсебинен 73 млн сомду жеп койгон деген экинчи айып тагылган. Бирок Каржы полициясы жоюлуп кетип, андагы кылмыш иш УКМКга өткөрүлүп берилген. Ошондон бери кылмыш иши экспертизанын тыянагы чыга элек деген жүйөө менен токтотулуп турат. Андан улам Кулбак Атабеков Эсеп палатасынын Ош башкармалыгында инспекторлук кызматында кала берген.