Рет қаралды 150,075
#ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #Кырсык
8-сентябрда кечке жуук Кызыл-Кыя шаарындагы базардан өрт чыкты. Эл чогулуп, өрткө каршы кызмат келгенге чейин от тутанып күчөп кеткен. Шаардагы 3 даана өрт өчүрүүчү машина эч нерсеге жараган эмес. Жардамга Кадам-Жай районунун өрт өчүргүчтөрү жардамга келишкен. Бирок алар да жыргаткан эмес. Акырында Кызыл-Кыя цемент заводунун жардамы менен өрт өчкөн.
Анткени мамлекеттик өрт өчүрүүчү машиналар эски. Алар өрт чыккан жерге 60-70 чакырым ылдамдыкта суусу менен баралбайт. Өрт өчүргүчтөр сууну өрт чыккан жерден алууга аракет кылышат. А базарда суу жок.
Суу болгон күндө да базардын ичине машина кире албайт. Анткени базардын ичиндеги соода жайлар адам да кенен басалбай турган кылып жайгаштырылган.
Эң маанилүүсү - Кызыл-Кыя базарынын кожоюндары да, андагы соодагерлер да кырсыктан сабак алышпайт окшоп турат.