Рет қаралды 259,533
#ЫдырысИсаков, #УИА, #НАН_КР
Мен теленин бетин бербей ара күндө элге акыл үйрөтүп чыккан галстукчан жетекчилерден чындап түңүлүп баратам. Айрыкча Бишкектеги жетекчилерден иренжип турам. Оюмча Бишкектеги мекеме ишкана жетекчилердин иш эрмеги ойнош, аш-той анан ушак окшойт. Ишке, реалдуу өндүрүшкө чолосу жоктой.
Мындагы илимдер академиясы накта чалдардын чайканасына айланган. Илим формалдуу гана формага өткөн. Илимий иштер өндүрүшкө байланган эмес. Илимдер академиясы, Улуттук аттестациялык комиссия накта формалдуулуктун үлгүсү болуп калган. Илимий эмгектерди окубай колдогон мактаган жинди адат салт болуп бетондой калыптанган. Бирин-бири мактап, бирине-бири илимий макам сатуудан эч ким тартынбай, эч ким жийиркенбей калган.
Элдин баарына илимий макам ыйгарып аткан аттестациялык комиссия төрайымы жарк эткен бир да илимий ишти эстей албайт. Илимий макам дегенде ак эткенден так эткендер сойгон жылкыны биз жебейбиз, тигилер жейт деп отурат.
Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси өзү отурган имараттын тегерек четин карап койгонго чамасы жетпей калган. Кыскасы жыл сайын мамлекеттен 300-350 млн сом алган илимдер академиясы чалдардын чайканасына, мамлекеттин денесине чыккан жарага айланган.
Баары жалган, баары формалдуу, баары имитация!