Рет қаралды 129,173
Белгилүү эстрада ырчысы Роза Шакирова 12-августта 40 жашка толду. Ал туулган күнүн борбор калаабыздагы кафелердин биринде белгиледи. Калың элге "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап", "Өмүр" жана башка ырлары менен белгилүү болгон ырчы айым алгач туулган күнүн өткөрүүнү каалабагандыгын, бирок майрамдык кече жакындарынын демилгеси менен чукул арада уюшулганын айтат.