ВЕНЕРА НАЗАРАЛИЕВА - Адамзат - кыргызча караоке тексти менен

  Рет қаралды 8,651

Ыркесе

Ыркесе

2 жыл бұрын

🎵 Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган Гүлмира Айдосованын "Адамзат" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Венера Назаралиеванын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤ВЕНЕРА НАЗАРАЛИЕВА - Адамзат ырынын үнү жок (минус) варианты • Кыргызча минус караоке...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Венера Назаралиеванын өздүк ютуб-каналы: / @user-cc4pr3ci5k
#ыркесе #кыргызча_караоке #ВенераНазаралиева #адамзат #yrkese
======================================================
Венера Назаралиева
"Адамзат"
Сөзү: Бактыгүл Чотурова
Обону: Гүлмира Айдосова
------------------------
Турмушту тааныйт ким бачым,
Туш келип арзан, кымбатын.
Сезгиси келбейт адамзат,
Аманат жандын турбасын.
Сезгиси келбейт адамзат,
Аманат жандын турбасын.
Байсыңбы, кедей, эмнесиң?
Баары бир кетчү пендесиң.
Билгиси келбейт адамзат
Бир кетсе өмүр келбесин.
Билгиси келбейт адамзат
Бир кетсе өмүр келбесин.
Махабат келсе даабай жан,
Өткөрө албай маанайдан.
Кайчылаш өтөт адамзат,
Кашында турган таалайдан.
Кайчылаш өтөт адамзат,
Кашында турган таалайдан.
Болсо да тагдыр жазылган,
Болбостур өткөн акылдан.
Көз менен айтат сөз эмес,
Көңүлдү билген асыл жан.
Көз менен айтат сөз эмес,
Көңүлдү билген асыл жан.
Убакыт өтөр саналган,
Урпактан урпак таралган.
Тоо болсо дагы адамзат,
Топурак үчүн жаралган.
Тоо болсо дагы адамзат,
Топурак үчүн жаралган.
Байсыңбы, кедей, эмнесиң?
Баары бир кетчү пендесиң.
Билгиси келбейт адамзат
Бир кетсе өмүр келбесин.
Сезгиси келбейт адамзат
Бир кетсе өмүр келбесин.

Пікірлер: 7
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
🎵Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган Гүлмира Айдосованын "Адамзат" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
@user-pb2vs8vq8d
@user-pb2vs8vq8d 6 ай бұрын
Унуно береке.
@nurjamalchoibekova133
@nurjamalchoibekova133 Жыл бұрын
Керемет
@user-xc6fq6ts9h
@user-xc6fq6ts9h Жыл бұрын
Голосун алсанар караоке болгон сон.кантип ырдалмак эле
@Yrkese
@Yrkese Жыл бұрын
караоке минус вариантын караңыз, үнү жок керек болсо, каналда бар
@user-mz4xk1rb1i
@user-mz4xk1rb1i 2 жыл бұрын
Кароке болгондон кийин уну жок эле кылсанар болмок жарышып кантип ырдамак элек
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
үнү жок варианты караоке минус деп турат
Which one of them is cooler?😎 @potapova_blog
00:45
Filaretiki
Рет қаралды 10 МЛН
Нурила  "Жеңдим баарын"
3:21
УТРК МУЗЫКА
Рет қаралды 1,4 МЛН
Өмүргө тойбойт адамзат
3:27
Edil Ibraev
Рет қаралды 42 М.
Нурайым, Биржан  "Жан сырым"
3:43
УТРК МУЗЫКА
Рет қаралды 3,7 МЛН
255... Каныбек Дайырбек уулу  ,,Омурго тойбойт адамзат,,
4:04
КАНЫБЕК ДАЙЫРБЕК УУЛУ
Рет қаралды 25 М.
IL’HAN - Eski suret (official video) 2024
4:00
Ilhan Ihsanov
Рет қаралды 415 М.
Айбек Қайбулла - Сұлуым менің (премьера песни) 2024
2:53
QANAY - Шынарым (Official Mood Video)
2:11
Qanay
Рет қаралды 64 М.
Adil - Серенада | Official Music Video
2:50
Adil
Рет қаралды 464 М.
DAKELOT - ROZALINA [M/V]
3:15
DAKELOT
Рет қаралды 238 М.