Рет қаралды 20,312
🎵 Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Автордун кызы Жамал Абдукеримованын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤ЖАМАЛ АБДУКЕРИМОВА - Серенада ырынын үнү жок (минус) варианты • Ж.АБДУКЕРИМОВА / Серен...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #Серенада #ЖамалАбдукеримова #yrkese
======================================================
- Серенада -
Сөзү, обону: Садыралы Абдукеримов
Аткаруучу: Жамал Абдукеримова
==============================
Алоолоп кармап алып сүйүү жалын,
Акылдан азгырганың түшүн, жаным.
Буулугуп бутагыңа конуп турам,
Бул менин бугум айткан шырылдаңым.
Кайырма:
Сени бөпөлөдүм, жолуң төтөлөдүм.
Аны сезгендирсиң менин көпөлөгүм.
Эрким, эселегим, эстүү секелегим,
Тагдыр насип кылса бактым сенде менин.
Сүйөп үмүт деми, жүрөк сүйүп сени,
Эсим эки болду эзип күйүт мени.
Күнүм жылга айланды, үмүт муңга айланды,
Тунук махабатым бүтпөс сырга айланды.
Жакшынын жандырмагын терметейин,
Эркиме эртеңкини эңсетейин.
Сездирип сүйүүбүздүн неге экенин,
Сен деле айтып чыкчы бекбекейим.
Кайырма:
Түбөлүк ыйык сүйүү уялаган,
Түйшөлтүп жүрөгүмдү сыялаган.
Түшүнчү түйшүгүмө себеп табам,
Бул менин сага деген серенадам.
Кайырма:
Бул ыр менин сага деген,
Сага деген серенадам.
Бул ыр менин сага деген,
Сага деген серенадам.