Рет қаралды 160,502
#ЫдырысИсаков, #ЫссыкКөлМейманканасы, #Кайдыгерлик
1984-жылы Кыргыз ССРнин 60 жылдыгына карата курулган Ысык-Көл мейманканасы 26 жыл гана эсен-соо жашай алды. Тагыраагы, 2011-жылдан бери бул имарат иштетилбей, каралбай жатат. Ап этип сугунуп койгонго чоңдук кылдыбы, айтоор муну кайсы бир аткаминер адатынча сугунуп алганга батынган эмес. Азыр тек гана борбор калаанын "Көркүн" чыгарып, бозоруп турат.
Бул ирет ошол чоңдугунанбы же башка себептенби, айтоор менчикке сатылбай, же эптеп иштетилбей, же ижарага берилбей, тек гана кароолдору тарабынан күн сайын тонолуп аткан архитектуралык мурастын азыркы абалы менен тааныштырайын.
Баса, бул мүлк президенттин иш башкармалыгына карайт экен. Садыр Жапаровдун тарапташтары 2020-жылдын октябрында дал ушул мейманканага чогулуп, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан эле.