Зайырбек Ажыматов ДОСКО КАТ

  Рет қаралды 47,759

Түмөнбай КОЛДОШОВ

Түмөнбай КОЛДОШОВ

Күн бұрын

Салам дос, мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Жоготтук аруу кезди, балалыкты,
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу жандап алып…
Эх досум, кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр ырдап, анан досчо көрүшкөнгө…
Эх досум, өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту сактай албай.
Эх досум, а мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды аякпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жалгызсырайм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А бирок, коркпо досум, тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай болбой калдым...
Салам дос, мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

Пікірлер: 76
@н.н-о2п
@н.н-о2п Жыл бұрын
Зайырбек акын Элмирбек досуна жазган экен анан Азиз байке окуган. Азр учоонун тен козу отуп кетти жаткан жерлери жайлууу болсун
@otvertkapincet
@otvertkapincet Жыл бұрын
Ээхх жашоо ушундай экенда бизда кетебиз убакыт гелсе,,,
@Токтогулакын
@Токтогулакын 11 ай бұрын
Сөз жок 😢
@zamirbeksadyrbaev3632
@zamirbeksadyrbaev3632 8 ай бұрын
Ырда Калмурат деген досун да эскерет жоготконбуз деп, ал жигиттин да көзү өткөн.
@Эрзатмыктыбекоа
@Эрзатмыктыбекоа 3 ай бұрын
Элмирбек тирүү кезинде эле жазылган ыр
@Кыялбек-у1п
@Кыялбек-у1п 3 ай бұрын
Биро олду, биро жазды, учунчусу окуду. Учоо тен Аларча корустондо жатышат кайран жигиттер.
@damirakackynova2843
@damirakackynova2843 Ай бұрын
Кыргыздын кыраан жигиттери мезгилсиз ото эрте кеткени окундурот😢😢😢😢
@zuurakarmyshakova3391
@zuurakarmyshakova3391 2 ай бұрын
Журок ыйлайт журок сыздайт 😭Талант олбойт очпойт 😭😭🤲🤲🤲Айла жок Бейиши болушсун 🤲
@ЫкыбалМаматова-р2т
@ЫкыбалМаматова-р2т 3 ай бұрын
Кайрангана чыгаан талантууу жигитерибиз бейишинер болсун
@mirgulzhunusalieva1349
@mirgulzhunusalieva1349 3 жыл бұрын
Азиз актёрдун омуруно АЛЛА береке берсин , чын ден соолукта узак жашасын,кучтуу актёр.....
@nurelkudaiberdiev4101
@nurelkudaiberdiev4101 Жыл бұрын
Жаткан жери гүл бакча болсун
@КожоназарАйдосов
@КожоназарАйдосов 2 жыл бұрын
Жаткан жерлер жайлуу болсун !Аллахым бейиштен орун берсин!
@ЗаринаАбдивалиевна
@ЗаринаАбдивалиевна Жыл бұрын
Кайра-кайра угам ушул ырды.Аллахым авторго да коркомдоп айткан Азизге да бейишинен берсин.
@КаныкейНурбийке
@КаныкейНурбийке 10 ай бұрын
Жан дүйнөсү менен сүңгүп кирип , кандай сонун окуган, Заирбек акындын ырын. Бул уулубуз да кете берди жаш бойдон, агаларынын артынан. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун 🙏😢
@ГулназираКапарова-с7в
@ГулназираКапарова-с7в 3 жыл бұрын
Кайран талант, жазган ырлары керемет, жөпжөнөкөй сөздөр менен жеткире жазылган, дил азыгы десең болчудай 👍🌷
@mahabatmahabatovna489
@mahabatmahabatovna489 Жыл бұрын
Аттаганат, кандай сонун корком окуу, кандай сонун конур ун! кандай сонун таза журок!Аллахым бейишинен орун берсин!
@zuurakarmyshakova3391
@zuurakarmyshakova3391 2 ай бұрын
Кайран кана таланттар Аллах ыраазы болсун
@ruodhi3602
@ruodhi3602 3 ай бұрын
Атаганат десенчи , кайран жигиттер, кыргызымдын каймак кулундары!!!
@mebel_ordo
@mebel_ordo 3 жыл бұрын
Жакшы окуптур Азиз байке
@АзаматКазыбекуулу
@АзаматКазыбекуулу 3 ай бұрын
Аттин кыраан жигиттер кылган иш жакшылыгын калат турбайбы эх 😢
@OrozgulTurdueva
@OrozgulTurdueva 3 ай бұрын
Кайран гана улуу талантуу адамдар жаткан жери жайлуу жараткан аллахым бейишинен берсин
@МаратАкунбаев
@МаратАкунбаев 2 ай бұрын
Арман дуйнө.Бири кем дуйнө деген ушундай болот тура.😢
@МаратИсакбаев-о6б
@МаратИсакбаев-о6б Жыл бұрын
Азизден да айрылдык, жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун
@УланбекДувлатов-м8з
@УланбекДувлатов-м8з 4 ай бұрын
Азиз да досторунун артынан кеттиго. Кайрандар . Ыймандары Саламат болсун
@НурайымГапырова-ф4ш
@НурайымГапырова-ф4ш Жыл бұрын
Эээх акыры кеттин досуна
@Нурсултанкасымкулов-г2п
@Нурсултанкасымкулов-г2п 3 жыл бұрын
Чынын актёр ушундай болотта. Образга кирип сонун аткарып сыз. Ишинизге ийгилик.!
@rasuluzenbaev5579
@rasuluzenbaev5579 2 жыл бұрын
Барында бапыратып мактай албай калдык биз ошол досту барктай албай
@nurjanmusa6770
@nurjanmusa6770 Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлу болсун Аллахым бейиштен берсин
@АйсараКадырова-щ2н
@АйсараКадырова-щ2н 3 ай бұрын
Кайран кыргыздын чыраан жигиттерди кайрылып келбейт.
@zulaikajoldosheva6570
@zulaikajoldosheva6570 3 жыл бұрын
Эн сонун 👍👍👍.Досторду эске салды,бул саптар.Рахмаат чоон.
@ШоколадкаВ
@ШоколадкаВ Жыл бұрын
Барсам деген ойдо турам...деп кете берди КЫРГЫЗДЫН мыкты актёру 😭😭😭 журокту оорутуп...
@кыргызстан-о6ю
@кыргызстан-о6ю Жыл бұрын
Ортого мезгил дубал орнотулга,,,,😔конул чоккондо дайым угам ойдонуп бир аз алаксыйм,чынында баа берем бул ыр саптарга .
@БакынКалиллаева
@БакынКалиллаева 2 жыл бұрын
Жадатты сумсак коздор,сылык создор... Ийине жеткире окуптурсуз,бали талантыныз ташкындай берсин!
@МарямРаманова
@МарямРаманова Жыл бұрын
Билгендей ыр жазыптыр артынан кете берди
@Kyrgyzstan312.
@Kyrgyzstan312. 8 ай бұрын
Чубак Ажы,Зайрбек, Эльмирбек, Азис акелерибиз журогтору таза адамдар эле!!! Журогу таза адамдар азыркы жашоону коруп журоктору оооруп которалбай, журоктору оорушту азыркы заманыбызга!!! Бул адамдар сезимтал, корогоч, ото назик адамдар! Атин ай заманыьыз кайда баратат! Ата бабабыздын салт саналарын унутсак анда биз туп тамыры менен жок болобуз
@Kyrgyzstan312.
@Kyrgyzstan312. 9 күн бұрын
Сиз абдан туура, жаздыныз👍!
@rasuluzenbaev5579
@rasuluzenbaev5579 2 жыл бұрын
Мен да досумду жоготтум откон жылы баткен окуясында ээх журок ыйлагандан башка соз жок
@ИманбекАвтандилуулу
@ИманбекАвтандилуулу Жыл бұрын
Мендагы жоготконума 1 Айдан отту бирок аябай жакын досум болчу 😔
@SCP_045
@SCP_045 Жыл бұрын
Азиз аке жайыныз жаннаттан болсун
@raiisamomunova3400
@raiisamomunova3400 3 ай бұрын
Кыргыздын чыган таланттары,силер дайым кыргыщ элинин жүрөгүндөсүңөр,жаткан жериңер жайлуу болсун!
@АсылканТойгонбаева-д1л
@АсылканТойгонбаева-д1л 2 жыл бұрын
Кайран акын.Жаткан жерин жайлуу болсун
@МроиовнпаЕкгро
@МроиовнпаЕкгро 3 жыл бұрын
Мааниси абдан терен ыр экен .
@gulsyinasuerkulova6674
@gulsyinasuerkulova6674 3 жыл бұрын
Азиз.бар.бол.эки.достун.тируу.кезинде.асыл.инсандар Элмир.зайыр.экоону.коргондо.козго Жаш.келет.эки.кыргыз.чвгаандарын Таасын.корсотупсун.ден.соолукка Бай.бол
@АйбекМойдунов-с8р
@АйбекМойдунов-с8р 2 жыл бұрын
Азаматсыз Кыргыздын таланттуу адамдарынын бири бар болунуз
@Нурсултанкасымкулов-г2п
@Нурсултанкасымкулов-г2п 3 жыл бұрын
Аябай таасирдуу ыр экен!
@НурилаМаатказиева
@НурилаМаатказиева 3 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун ЭКИ ДОСТУН.
@БатмаКуюкова-я7ш
@БатмаКуюкова-я7ш Жыл бұрын
Оомиин Аллах рахматына алсын жандары жаннаттан болсун эки достун Алэми Азиздин ден соолугуна Кудайым Шыфаа берсин жеңилинен болсун .оомиин.
@Оппозиция-х8н
@Оппозиция-х8н 2 жыл бұрын
Абдан жагымдуу,бирок журокту элжиреткен,конулду чоктургон биздин залкарларды эстеткен ырактар экен. Ийине жеткире окуган экенсин Омур бакыт ийгилик коштосун.
@keldzho8663
@keldzho8663 2 жыл бұрын
Азиз аке бар болуңуз дайым! Көзгө жаш кылгыратго.
@muzbala3851
@muzbala3851 Жыл бұрын
АЛЛАХ бейиш насип кылсын 🤲🤲🤲
@РустамСапиев
@РустамСапиев 3 жыл бұрын
Жолуңдан, сени менен кездешемин Жаркырап күлүп жайнап көздөшөмүн Адашып кетсең балким айла канча Анда мен кайра ушинтип эстетермин
@МунараБекмуратова
@МунараБекмуратова 3 жыл бұрын
Кулактан кирип журокту эзет го.
@РыскулИманмолдоева
@РыскулИманмолдоева 4 ай бұрын
Элмирбектин аркасынан кетерин билгендей эле жазыптыр 😢😢. Бейишинен берсин баарынарга 🤲😭😭😭.
@NaziIzabekova
@NaziIzabekova 9 ай бұрын
Азиз Датка жаткан жеринер жайлы болсун, досуна туболук кеттин го😭
@БурмаканТурганбаева-н2у
@БурмаканТурганбаева-н2у 2 жыл бұрын
Узаак ден соолукта болуңуз агай
@mirgulzhunusalieva1349
@mirgulzhunusalieva1349 3 жыл бұрын
🥺
@BakytKambaraliev
@BakytKambaraliev 9 ай бұрын
Мен да жакында досумду жоготтум, артында 4 баласы калды жаш, эх досум, ыйлап ыйлап кала берет экенбиз
@APYU-what6379
@APYU-what6379 2 жыл бұрын
Сонун.
@jein.d9780
@jein.d9780 2 жыл бұрын
Кайта кайта угуп журок ыйлайт
@ЧолпонМырзатаева-г5д
@ЧолпонМырзатаева-г5д 2 жыл бұрын
Таланттуу инсан.Кандай каармандын ролу туш келбесин майын чыгарып аткарат..... Эки достун жаткан жери жайлуу болсун.Бейишинер кут болсун ,,легендалар"
@ГулбараБорбашева
@ГулбараБорбашева 2 жыл бұрын
Махабат дартка айланды айыкпаган 😣
@Барсбек-д3ъ
@Барсбек-д3ъ 3 ай бұрын
Азиз алтындай эле.
@ЗарлыкА
@ЗарлыкА Жыл бұрын
АТТИН ТИРУУЛУК.
@ГулзадаБайгазиева-е4ц
@ГулзадаБайгазиева-е4ц Жыл бұрын
Корсом эле ыйлагым келет. Не деген залкар эле. Кайран жигит кырчын бойдон кете бердин
@aikenalbertova
@aikenalbertova Жыл бұрын
жаткан жери жайлуу болсун
@ГулбараБорбашева
@ГулбараБорбашева 2 жыл бұрын
Дагы эле оксугуму жоготподум
@КожоназарАйдосов
@КожоназарАйдосов 2 жыл бұрын
😭
@ermekkyrgyzbaev6931
@ermekkyrgyzbaev6931 Жыл бұрын
😢😢😢☝🏻☝🏻☝🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@НурайымАнарбеккызы-д4б
@НурайымАнарбеккызы-д4б 2 жыл бұрын
Сиз барбай эле койунуз
@БакытКамбаралиев
@БакытКамбаралиев 2 ай бұрын
Мен да досумду жоготтум, 4 баласын таштап кетип калды, эээххх досум, кандай кундор отту эле, аяш менен балдардан кабар алып турам, тынч жат
@МунарбекМаксатбеков-с2и
@МунарбекМаксатбеков-с2и 2 жыл бұрын
Ассалоому ваа алейкум туугандар мен ушуга обон салсам эмне дейсиздер. Же обону барбы бунун
@ГулбарчынСулайманова-ж5н
@ГулбарчынСулайманова-ж5н 5 ай бұрын
Жок обону
@ulukbekasanbekuulu5521
@ulukbekasanbekuulu5521 2 жыл бұрын
👍👍👍👍👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
@ЭльмираАбдыкадырова-п7о
@ЭльмираАбдыкадырова-п7о 6 ай бұрын
Кайран жигит
@nsnsbsbshsnsjsjejrjfjfj6131
@nsnsbsbshsnsjsjejrjfjfj6131 3 жыл бұрын
😧😧
@ДаянСалахунов
@ДаянСалахунов 3 жыл бұрын
Эн сонуе
Жамгыр төктү Түгөлбай Казаков ырдайт
3:29
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 3,8 М.
Жаңы ыр Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы
3:59
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 202 М.
А ВЫ ЛЮБИТЕ ШКОЛУ?? #shorts
00:20
Паша Осадчий
Рет қаралды 8 МЛН
How To Get Married:   #short
00:22
Jin and Hattie
Рет қаралды 16 МЛН
Minecraft Creeper Family is back! #minecraft #funny #memes
00:26
Акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү!
28:22
УТРК Маданият
Рет қаралды 21 М.
Же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым
3:53
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 333 М.
...Атамдан Ата Конуш калган жок... "Айылга кат".
6:44
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 33 М.
Аалы Туткучев. Казактарга жооп.
11:10
Нурсултан Темирбеков
Рет қаралды 522 М.
А ВЫ ЛЮБИТЕ ШКОЛУ?? #shorts
00:20
Паша Осадчий
Рет қаралды 8 МЛН