Рет қаралды 92,609
#Өзгөн#Баланынөлүмү#Милиция#Жаңылыктар
Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ"
Instagram - www.instagram....
Facebook - www.facebook.c...
14 жаштагы өспүрүмдүн сыр каткан өлүмү 5 айдан бери иликтенбей жатат! Өзгөн районунда окуучулардын массалык мушташынан кийин каза болгон 9 -класстын окуучусунун ата-энеси райондук милицияга ишенбөөчүлүк көрсөтүп,баласын сабагандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылып чыгышты.Каза болгон баланын ата-энеси борбордук бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, тергөөнү жаңы жагдайлар менен баштоону суранууда.Милиция баланын денесине жасалган экспертизадан кийин кылмыш ишти кыскарткан.9 -класста окуган Ибрагим Кудайбергенов Өзгөндүн Жалпак-Таш айылындагы Баймрузаев атындагы орто мектебинде билим алган.Маркум өспүрүмдү мугалимдери аракетчил, эң алдыңкы окуучуулардын бир экенин эскеришет.14 жаштагы өспүрүм өткөн жылдын 15-октябрь түнү достору менен бирге айылдын четине массалык мушташка барган.Өспүрүмдөрдүн пикир келишпестигинен Шагым айылынан келген жоон топ баланы аеосуз сабап, жардын түбүнө таштап кеткенин апасы айтат. Балдардын өлүм менен коштолгон окуясы бүгүнкү күнгө чейин толук иликтенбей, милиция мушташ боюнча тергөө жүргүзбөгүнүнө маркум окуучунун апасы нааразы.
Каналга катталыңыздар!!!
www.youtube.co...