Рет қаралды 654
Арстанбек Полотовдун атасы Аттокур Полотов 1938-жылы “сталиндик репрессияга” кабылып 58-берене боюнча айыпталып, НКВДнын Оштогу түрмөсүндө 6 ай отурган.
Ал баласы Арстанбек Полотовго, Өзгөн районундагы Эски Покровка айылынын жанындагы Кекилик Учар деген жерге түрмөдө атылгандардын сөөктөрүн жашыруун көмүүгө катышканын айтып берген.
Эски Покровка айылында 1954-жылга чейин түзөтүү колониясы болгон. Анын жанындагы терең кудукка түрмөдө каза болгондордун сөөктөрү менен бирге тирүү адамдарды дагы таштай беришкен дешет жергиликтүү тургундар.
Өзгөн районунун Эски Покровка айылынын жанындагы репрессия курмандыктары массалык түрдө көмүлгөн деген жер азырынча расмий түрдө изилдене элек.