Рет қаралды 46,149
Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аялдары унааларды өткөрбөй жатышат.
Кечээ, 18-май күнү нөшөрлөгөн жамгырдан улам Кош-Этер тилкесине сел келген. Жол жабылып, техникалардын жардамында ачылган.
Бүгүн аталган тилкенин аялдары «биздин көйгөйдү өкмөт укпай жатат» деп, кайрадан жолду таш менен тосуп жатышат. Алар ары-бери каттаган унааларды өткөрбөй турушат.
Жергиликтүүлөр 5 жылдан бери сел келе турганын айтып, район акими жана айыл өкмөт башчысы көңүл бурбай келгенин айтышууда.