Рет қаралды 83,733
1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарынын айрымдары жапырт көмүлгөн жай катары Бишкектин четиндеги Ата-Бейитти билебиз. Калган курмандыктар кайда калганын так же расмий билбейбиз. “МедиаХаб” репрессия курмандыктарына арналган атайын долбоордун алкагында, Арстанбек карыяны ээрчип Куршабдагы “ачылбай калган Ата-Бейитке” барды. Таштанды баскан бопбоз дөң, мал оттоп, балдар ойноп жүрөт. Жүздөгөн адамдардын тарыхы көмүлүп кеткен жайды урпактары баяндап берет.
#1937жыл #репрессия #деколонизация #АтаБейит #МедиаХаб