Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА: “Кандай жашап өтсөң, сени көргөндөр ошондой эскеришет”

  Рет қаралды 10,100

Oimedia (Оймедиа)

Oimedia (Оймедиа)

11 ай бұрын

“Ой медиа” каналынын “Менин дүйнөм” рубрикасынын бул жолку каарманы - “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА.
“Шоро” ишканасын түптөгөн Таабалды Эгембердиев менен “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат Турганбаева кыргыз коомчулугунда ары сыймыктуу, ары үлгүлүү жубайлардан болушкан.
Таабалды ага арабыздан өтүп кетсе да, артында калган бүлөсү - анын ишин улап, дагы өркүндөтүп, улам бир саамалык жараткандан чаалыкпаган жан. Өзү жетектеген көз жоосун алган комплекс сырттан келгендерди айран таң калтырып, жергиликтүү элди сыймыкка бөлөйт. Кыргыз шоколады, “Кыргыз сонундугу” тез татымынын да “арышы” кең.
Булар менен гана чектелбестен, Таабалды Эгембердин керээзин аткарып, музей да ачууга үлгүрдү. Кезинде китеп жаза албай калганын арман кылса, артында калган жубайы анын калем тамчыларын топтоп, өзгөчө эки томдук чыгарды. “Табыкем, мен сага ыраазымын” деп кайталагандан жазбайт Жаңылсынзат айым. Рубриканын алкагында каармандын дүйнөсүнө “саякат” жасап, анын кусалык, сагыныч, ошол эле учурда ыраазычылыкка толгон ойлорун тыңдадык.
Журналист Айнагүл Сапарбек кызы

Пікірлер: 62
@user-og2vy4jk5r
@user-og2vy4jk5r 11 ай бұрын
Супара ото кымбат. Байлар учун эле экен. Биз барып кымбат экендигине кубо болдук. Жонокой адамдар барып эс алганга арзан кылгыла .
@barchynnurdinova9919
@barchynnurdinova9919 11 ай бұрын
Абдан соонун маек болуптур ,бар бол иштериңе чооң чооң ийгилик ,силерден адамдар көөп болсо кана .
@sanmiami7891
@sanmiami7891 11 ай бұрын
Сонун беруу болуптур! Ушул сыяктуу жакшы адамдар жонундо жакшынакай беруулорду берсениздер орнок болсун башкаларыбызга.
@oimedia9007
@oimedia9007 11 ай бұрын
Сизге жагат деп ой бар - Гулзада Рыскулова kzbin.info/www/bejne/i3TZn4yAfK9mi5I Кенже Дуйшеева kzbin.info/www/bejne/pIXUpWaQfJuGnpI Айдай Максатбекова китеп-блогер kzbin.info/www/bejne/fWPEoZycnrateNU Залина Касымова артист kzbin.info/www/bejne/j4q9qayCab-phNk
@user-ps3iy2bp5e
@user-ps3iy2bp5e 11 ай бұрын
Кудайым колдосун.айымды. Абдан соонун маек болуптур.❤ Оомийин.❤. Оомийин.❤. Оомийин.❤.🎉.😮.
@fid43
@fid43 11 ай бұрын
Кыргыз кыздары Сиздердей болуш керек. 👍👍👍👍👍👍👍
@dinakalchaeva2338
@dinakalchaeva2338 11 ай бұрын
Бактылуу бол ! Балдарындын жакшылыгын кор, кылган иштериндин узурун кор 🤲🤲🤲
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 10 ай бұрын
Бул кыз Улуттун Сыймыгы !!! бар бол !! Козу ,тили жамандан Кудайым озу сактасын !!! Иштерине Ийгилик !!!
@user-le6us2bg9f
@user-le6us2bg9f 11 ай бұрын
Молодец Айнагул 💐 чыдамсыздык менен кутобуз жаны чыгарылышты.
@user-rh4ji2ue4w
@user-rh4ji2ue4w Ай бұрын
КЫРГЫЗЫМДЫН МЫКТЫ АЙЫМЫ. ЧЫН ДЕН СООЛУК,УЗУН ОМУР КААЛАЙМ. КУДАЙЫМ КОЛДОСУН.
@user-he8jw5oi4p
@user-he8jw5oi4p 10 ай бұрын
Эже абдан акылдуу,кучтуу адам экен ❤
@user-wu2im3ph5j
@user-wu2im3ph5j 11 ай бұрын
Ишинизге ийгилик жакшы майек болду
@user-yt5xs3zl8o
@user-yt5xs3zl8o 11 ай бұрын
Ишинерге ийгиликтер ,❤❤❤😊 бактылуу болгула
@fid43
@fid43 11 ай бұрын
Мыкты, мыкты! 🌄 Арыбаңыздар! 🌄
@chopasab5682
@chopasab5682 11 ай бұрын
Ой жугуртуусу терен, денгээли бийик инсан экен! Ишинерге ийгилик
@sulaimanovagulmira3234
@sulaimanovagulmira3234 11 ай бұрын
Эжеке эми сабыр кылыныз,эмне кылабыз жашоо ушундай турбайбы!калганынар аман болгула,ишинерге ийгилик!тушуном😢
@user-fd7ch6bv1c
@user-fd7ch6bv1c 11 ай бұрын
Жарык кызым сен аяал затынын улугузун. Эл журтундун сыймыгысын.. Ыйык адамдын уучун узартып улоочу адамсын. Мен сага тилектешмин , Урматап Ардакбубу апан.....
@user-le6us2bg9f
@user-le6us2bg9f 11 ай бұрын
Эн мыкты👍👍👍
@user-xl7vb6cv6g
@user-xl7vb6cv6g 10 ай бұрын
Супара ото кымбат.Жардыларга жетимдерге жардам береби?
@user-el4pl7vx8h
@user-el4pl7vx8h 11 ай бұрын
Абдан кунт коюп уктум Жанылдын ойюн.Терен маныздуу таасирдуу жонокой маек берди.Болгон ойюн чын журоктон чыгарып ортого салды,абдан тушунуктуу.Азаматсын Жаныл!Омурун узун болсун,балдарын менен аманчылыкта жаша.Ой мак аттарынды иш жузуно ашырып,мындан да онуктуруп остур Ийгилик такай коштоп журсун..
@user-bh4wv7zm2k
@user-bh4wv7zm2k 10 ай бұрын
Очень редко бывают такие женщины , преданные одному, только человеку
@user-ds3eh2pt1d
@user-ds3eh2pt1d 11 ай бұрын
Жаныл эже ото жонокой керемет адам. Супаранын талкан шоколадын жеп журобуз жегенда жебегенда арманда
@therabbits3281
@therabbits3281 10 ай бұрын
Ичти коптуруп осуртат экен ошол талканын
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 10 ай бұрын
72 агым динден сакта ,дин менен.келген жинден Сакта !!!
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 10 ай бұрын
❤❤❤
@Dano4ka646
@Dano4ka646 10 ай бұрын
Чачты жыйнап алса абдан сонун жарашмак...
@heiterheiterovna8682
@heiterheiterovna8682 2 ай бұрын
Супара асмандын башы баалары,Кыргызстанда жашап ушундайлардын ачкан жерлерине баралбайбыз.
@user-og2vy4jk5r
@user-og2vy4jk5r 11 ай бұрын
Мен ушундай уй булоодо чонойгом. Менин апам мен 11 жашымда каза б болгон. Огой апаны билесиздер кандай болорун. Мектепти эн жакшы буттум. Шаарга эмне кийип барам деп ойлоно баштадым. Уйго тайкем келди баягы он сомдук кызыл акчалар. Арак ичип отурушат. Мен 10 сомду уурдап алдым. Эки сомго бир чыт койнок, калган акчага басаношка сатып алгам. Эртеси шаарга кеттим. Бул куообу.
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 10 ай бұрын
Капырай ,карыганынын силерге эмне кереги бар , Ичи тарлар озунорлордун колунардан эч нерсе келбейт !!!
@Samsung-wr2vr
@Samsung-wr2vr 11 ай бұрын
Эжекоо сизге Ден соолук аманчылык тилейм,жашыныз келип калды,жоолук сагынып алыныз сиз мыкты атактуу инсандын жубайы Жана жесири болосуз,эч болбосо чачты жайып албастан туйуп алыныз
@miramir8161
@miramir8161 11 ай бұрын
Жоолукту салын,чачынды жый,акырын бас,акырын суйло деп акылдуу болуп жаза бербей озунорду билсенер. Эмне ар жерден кынтык издейсинер. Жанылдын акылы,ыйманы жетиштуу.
@Samsung-wr2vr
@Samsung-wr2vr 11 ай бұрын
@@miramir8161 акыл ыйманы жонундо Кеп жок,сага эмне болду куйбос катындын куйуту кучтуу сенсинго
@fid43
@fid43 11 ай бұрын
Адамдык касиет -- кийимде, чүпүрөктө эмес! Акылында, аткарган ишинде, сүйлөгөн сөзүндө болот. Жанылсынзат айым кыргыздын эң акылдуу айымдарынын бир экени далилденип турат.
@iradmitrii
@iradmitrii 3 ай бұрын
Жаман оюм жок эстуу аял экен бирок биринчи никеси менен эмне болду экен эмне тагдыр болду экен копкондон экинчи аял албаса керек билгибиз келет
@user-wq2px1iz7u
@user-wq2px1iz7u 11 ай бұрын
Омурлук жолдошунан ажыраш отто оор,башыман отуп жатат.
@therabbits3281
@therabbits3281 10 ай бұрын
Олгону жакшы таштап кеткенден коро балдары адам болот билет атасы жок экенин тируулой жетим болгончо
@ainurkozubekova5448
@ainurkozubekova5448 10 ай бұрын
Биринчи аялы отуп кеткен,Алмаз биринчи аялынан
@jg-sw3cw
@jg-sw3cw 10 ай бұрын
Уулу Алмаз ушул аялынан торолгонбу ?
@sbdhjsndjx4556
@sbdhjsndjx4556 10 ай бұрын
Аябай карыптырсын
@user-bl9yc7ob6j
@user-bl9yc7ob6j 11 ай бұрын
Жаныл дем салдыр
@t9t961
@t9t961 11 ай бұрын
Аябай карып кетиптир.
@user-fw6ol7ww9c
@user-fw6ol7ww9c 10 ай бұрын
Сиз дайыма жаш жүрөм деп ойлойсузбу? Карылык - адам төрөлгөндөн бери келе жаткан жашоонун мыйзам ченеми...
@therabbits3281
@therabbits3281 10 ай бұрын
60ка чыгып калса карыйтда карылык баарын башына келет Зато чалчактап жашады даяр нерсеге келди алма быш оозума туш аял
@user-fw6ol7ww9c
@user-fw6ol7ww9c 10 ай бұрын
@@therabbits3281 Кыргыздын маданиятын көтөргөн Жаңылсынзат айымдай эмгекчил, акылдуу, адилеттүү асыл адамдар көп болсо экен🤲 өлкө тезирээк өнүгөт эле. Ыплас, жан дүйнөсү карарган, өзүнө эмес, оозуна алы жетпегендерге - Кудай агаруусуна жардам берсин🤲
@user-ke9re6dz4k
@user-ke9re6dz4k 11 ай бұрын
Эмне болуп знаменит куйоосу... Первый раз слышу... Такую фамилию 😮😮😮
@user-tn4eo1xr9t
@user-tn4eo1xr9t 11 ай бұрын
Күйөөсү Шорону максымды негизденген Супараны өз колу менен курган Таабылды Эгембердиев
@user-ke9re6dz4k
@user-ke9re6dz4k 11 ай бұрын
@@user-tn4eo1xr9t понятно... Спасибо!!!!
@jakutkanmamatova8691
@jakutkanmamatova8691 11 ай бұрын
Кыргызсынбы?
@user-to1gr3fw2v
@user-to1gr3fw2v 11 ай бұрын
Табылды Эгембердиевдин биринчи аялынан интервью алсанар жакшы болмок,себеби шоронун туптолушуно ошо аялынын эмгеги бар деп журушот,бул кийинки даяр оокатка жыргап келген аял деп укканыбыз бар
@user-fw6ol7ww9c
@user-fw6ol7ww9c 10 ай бұрын
Ушакты угуп эле жыйынтык чыгара бериш - тантык адамдын иши болсо керек! Билимдүү адам изденет!
@therabbits3281
@therabbits3281 10 ай бұрын
@@user-fw6ol7ww9c ушак эмес ошол аялы чакага максым которуп желим чакага ош базарын аралап сатчу Куйоосу ооз жака туруп сатчу ош базарында
@N.K.A.86
@N.K.A.86 11 ай бұрын
Саксайып чачын жайбай келишимдүү кылып түйүп алса болмок.Кыргыздын тамагын,салтын ошону менен эле наркын да билиш керек.Таанымал адамдын жубайы ошого татыктуу болуш керек да.Кыргыздын аялы качан саксайып чачын жайып жүрдү эле?Жашы деле барып калыптыр өзү деле ойлонсо болмок.Америкада жүргөн жок да.
@user-fw6ol7ww9c
@user-fw6ol7ww9c 11 ай бұрын
Элечекти кийип аялдарга үлгү болгон айым, жоолук салынышты сизден сурабайт! Ыгы келген жерден жоолукту да салынып, элечекти да кийип жүрөт. Аялзатынын образын бардык жактан ачып бере алат: аялзаттын акылы, аруулугу - баш кийимге байланыштуу эмес - жан дүйнөсүнүн тазалыгында, эркиндигинде! Сыймыктанчу эжекем, бар болуңуз🤲❤
@user-fd7ch6bv1c
@user-fd7ch6bv1c 11 ай бұрын
Заманына жараша чачта эмес ички дуйносу таза адам. Эн кыргыз журтун дуйно элине тааныткан адам.
@user-xb6pm5ur5l
@user-xb6pm5ur5l 10 ай бұрын
Эми оронуп алса жакшы болот
@michaek6076
@michaek6076 3 ай бұрын
Эженин денгээлине жетип алгылачы!
@user-xb6pm5ur5l
@user-xb6pm5ur5l 11 ай бұрын
Мне ошондо президент болгун келдиби. Аябай карып кетиптирсин
@user-fw6ol7ww9c
@user-fw6ol7ww9c 10 ай бұрын
Сиз жаш боюнча жүрөсүзбү карыбай? Карылык - адам төрөлгөндөн бери келе жаткан мыйзам ченеми... Президенттикти кызганып кеттиңизби? Качан ой жүгүртүү өсөт айрым кыргыздарда?
@user-xb6pm5ur5l
@user-xb6pm5ur5l 10 ай бұрын
@@user-fw6ol7ww9c Президенттикти эмнеге кызганып.Анын суйлогон созуно карата жазылды.
@therabbits3281
@therabbits3281 10 ай бұрын
Макдональска жеткенче качан тантырактап суйлой берген аялго Супара чындыгында ото эле кымбат азыр барбай калганбыз
@rozaakjoltoeva3108
@rozaakjoltoeva3108 10 ай бұрын
Жашыныз деле , атактуу кишинин жесирисиз чачынызды жыйып жоолук салынсаныз болмок.
@michaek6076
@michaek6076 3 ай бұрын
Эмне эле чачына асыласынар! Светская женщина! Акылынар ушул эженикиндей болсо, аттиң!
NO NO NO YES! (50 MLN SUBSCRIBERS CHALLENGE!) #shorts
00:26
PANDA BOI
Рет қаралды 102 МЛН
Can you beat this impossible game?
00:13
LOL
Рет қаралды 44 МЛН
CAN YOU HELP ME? (ROAD TO 100 MLN!) #shorts
00:26
PANDA BOI
Рет қаралды 36 МЛН
Основы китайской иероглифики / Даниил Дельцов
1:01:05
ВОЛЬНОСЛУШАТЕЛЬ
Рет қаралды 5 М.
Арашанды булгаган саркынды суулар
55:58
Азаттык
Рет қаралды 383 М.
Антон Павлович Чехов.  Три года.  аудиокнига.
3:57:42
Литература аудиокниги
Рет қаралды 2,9 МЛН