Рет қаралды 36,761
«Ой медиа» каналынын «Менин дүйнөм» рубрикасынын бул жолку каарманы - ырчы Каныкей.
Бөтөнчө үнү, өзгөчө имиджи менен элге таанылып, талбай изденгени менен элдин оозуна алынган. Борбордогу концерттери кезегинде зал толо эл менен өтүп, ырлары Ала Тоо гана аралабай, океан ар жагында да жаңырган. Бир топ тасманын саундтрегин аткаруу шыбагасы да дал ушул ырчыга буюрган эле.
Ортодо түтүн булатып, уул-кыздуу болуп, эми кайрадан чыгармачылыкка билек түрө киришип турган чагы. Каарманыбыз өзүн-өзү өстүрүүдөн түк жазбай, терең изденүүдөн эч талбайт. Ушул тапта ырчы Карамолдо Орозов атындагы оркестрге жумушка орношуп, бул багытта да өз чыйырына жаңылык киргизүү далалатында.
Маектешкен жана даярдаган журналист Айнагүл Сапарбек кызы