Рет қаралды 10,274
Алмаш Чойбекованын сөзүнө жазылган Кадыралы Артыковдун "Барам сага" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#алмашчойбекова
#кадыралыартыков
#барамсага
"Барам сага"
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде,
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынчымды уккан кезде барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде,
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага.
Ширесин карагатар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде,
Кучактап бейкутчулук түн куюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага.
Гүлдөргө аарылары конгон кезде,
Бал чөбүн ой алманын соргон кезде,
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага.