Рет қаралды 33,117
Биримкул Алыбаевдин сөзүнө жазылган Арзыбек Бедияровдун "Түшүмө кирдиң түндө сен" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#БиримкулАлыбаев
#АрзыбекБедияров
#АрзыгүлТурган
#ТүшүмөКирдиңТүндөСен
"Түшүмө кирдиң түндө сен"
Жыпар жыт каптап, дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак, жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
Сел болуп каптап, нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп, ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк, айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп, толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак куулар учуп, канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп, кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып, жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.