Рет қаралды 28,133
Кубанычбек Адамалиевдин сөзүнө жазылган Түгөлбай Казаковдун "Гүлзарлар" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#кубанычбекадамалиев
#түгөлбайказаков
#аскатмусабеков
#гүлзарлар
"Гүлзарлар"
Алыстан сага келем, алыс жактан,
Элесиң тынчымды алып, учат куудай.
Ал мени десте кармап тосподу,
Ошондо тээ алыска узатчудай.
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабым,
Гүлзарлар кудум биздин убактагы.
Жаштарга кыналышкан суктанамын,
Биз сындуу биздин ошол курактагы.
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
Ал мени сезиминен чыгарыптыр,
Жалгыз сен кайтып мага, гүл кармадым.
Ак сүйүм ак гүлүңдө калыптыр,
Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларым!
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?