Рет қаралды 1,815
Жээнбек Мамбеталиевдин сөзүнө жазылган Бабаравшан Тургунбаевдин "Туулган жерге" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#жээнбекмамбеталиев
#бабаравшантургунбаев
#туулганжерге
"Туулган жерге"
Туулган жерим асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын.
Кереметүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс, кооз, сулуулук
Түшкө кирсе күлгүн жамалың,
Жүз көрүшүп сергип каламын.
А сен болсо бүтпөс чоң дастан,
Бар болгону мен бир сыяңмын.
Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миң бир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын.