Рет қаралды 111
2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз
Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча
долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар
министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор
мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер
титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы
кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий
маанисин коомчулукка жайылтууну камтыды. Жергиликтүү бей өкмөт уюм жана
Музейдик демилгелер бей өкмөт борбору бул долбоорду АКШ элчилеринин маданий
баалуулуктарды сактоо фондунун каржылоосу менен ишке ашырды.