Рет қаралды 199,017
Скачать/слушать: bnd.lc/V66WH
__________________________________
Слова, музыка: Чынгыз Алиев
Аранжировка: Эрнест Жоошев
Директор: Венера Ким
__________________________________
Буйруктанбы булбулуңдун бул өмүрү
Уюк тамыр чынарыңа чырмалып
Бүткөн үнүм жаңырды го
Бүчүрлөрү жарылды го
Канаттарым карааныңа
байралып....
Жайда бүттү, күзгө батып көңүлүң
Жадап бүттү булбулуңдун кайрыгы
Жашыл төрүң жабылды го
Жаным жайды сагынды го
"Жалжалым" деп булбулуң ырда сайрады
Булбулуң, булбулуң сага
Булгалады канат кага
Аягы арзуулар сынды
Аябадың жалгызыңды
Аябадың...
(Булбулуң булгалап канат сага
Болобу болбойбу баары бир ага
Сен жалган, суйуу жалган
Булбулуң бушайман жан)
Керегелеп кең кучагың жайган соң
Керемет сөз, кербен сүйүүң байлады
Кайран булбул талпынды го
Канаттары кайрылды го
Созгон ыры таарынычка айланып
Жайда бүттү, күзгө батып көңүлүң
Жадап бүттү булбулуңдун кайрыгы
Жашыл төрүң жабылды го
Жаным жайды сагынды го
"Жалжалым" деп булбулуң ырда сайрады
Булбулуң, булбулуң сага
Булгалады канат кага
Болобу, болбойбу
баары бир ага
Аягы арзуулар сынды
Аябадың жалгызыңды
Аябадың...
(Булбулуң булгалап канат сага
Болобу болбойбу баары бир ага
Сен жалган, сүйүү жалган
Булбулуң бушайман жан)
#Tamga #Булбулун