Рет қаралды 55,216
Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында 23-июнда болгон куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Дагестан республикасынын башчысы Сергей Меликов Телеграмдагы баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.
Ал карапайым элдин арасында да курмандыктар бар экенин билдирип, бирок санын тактаган жок.
23-июндун кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынган.
Тергөө комитети бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууну “Теракт” беренеси менен иликтеп жатат. Кол салгандардын алтоо жок кылынганы кабарланды.
24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
#дагестан #теракт #орусия
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus