«Дин санат» Мусулманмын десең ук. Улукбек Дастанчы.

  Рет қаралды 15,369

Улукбек Дастанчы

Улукбек Дастанчы

Күн бұрын

#динсанат
Ырымда айтам келмени.
Ырыстуу элге термени.
Сөзүмдө айтам келмени.
Сөөлөттүү элге термени.
Ааламдардын ичинде
Акылдуу жанбыз жердеги.
Арбыдык,толдук,көбөйдүк,
Арыштан Адам келгени.
Өзгөчө сыйга ээ болду
Өз напсысын жеңгени.
Өкүттө калды өкүнүп
Өзүм-өзүм дегени.
Өзгөчө терме мендеги,
Өткөрбөй уккун эл мени.
Жаралган дүйнө кайыптан.
Жараткан таза айыптан.
Куралган дүйнө кайыптан.
Кудайым таза айыптан.
Аруулаш үчүн дүйнөнү
Акылы эси майыптан.
Элчисин элге жөнөттү
Эл билген Мекке жайыктан.
Эгемдин динин жеткирип,
Эзилип күйдү Тайыфтан.
Тоодой бакыт сунса да
Токмок жеп жүзүн чайып кан.
Камчыланып калыктан.
Кабыргасы кайышкан.
Калкына душман саналды
Кабар берип жарыктан.
Бөрүдөй талап жатса да
Бөксөрбөй деми калыптан.
Үммөтткө динди жеткирди
Үлгү алаар өчпөс жарык шам.
Теңирден түшкөн бул куран,
Теңдешсиз байлык нур куран.
Тексиз наадан адамга
Тегеле баасыз бир куран.
Алладан түшкөн бул куран,
Алмашкыз байлык нур куран.
Алладан жөө качканга,
Арзыбаган бир куран.
Кудайдан түшкөн бул куран.
Куну жок байлык нур куран.
Адам ата Исхактар,
Алладан кана алган дин.
Ысмайыл,Юсуф, Нухтардан
Ыдырыс, Иса, Луттардан,
Аманат болуп калган дин.
Алгачкы болуп Каабаны
Ибрахим салган дин.
Дүйнөнүн бетин түк койбой,
Зулкарнайн менен чалган дин.
Зумурут такта эл бийлеп,
Сулайман менен жанган дин.
Кудаймын деп кутурган,
Кутун өзү учурган,
Намурутка жалган дин.
Сахабалар улуктап,
Суусаганда канган дин.
Алланын дини эмес деп,
Абыраха чанган дин.
Ааламдардын султаны
Аллахымдын балбан дин.
Момундардын султаны,
Мухаммедтин албан дин.
Пенде билбес тилдер бар,
Периште менен пирлер бар.
Илимдин билген түр-түрүн,
Ибилис менен жиндер бар.
Пенделердин тобунда
Периште сүйгөн диндар бар.
Ибилистин соңунда
Иритер ириң диндер бар.
Ириңин ичкен илгертен,
Ибилис сүйгөн элдер бар.
Айттырбай билген барысын,
Акылы көлгө теңдер бар.
Алланы душман тутушкан,
Абулахап сыяктуу,
А кантем,
Акылы эси кемдер бар.
Жети атасы биригип.
Жети атам өткөн мусулман !
Он атасы биригип,
Он атам өткөн мусулман !
Өз атамдын атасы
Чоң атам өткөн мусулман !
Том -томдоп китеп жараткан,
Тоолук элге тараткан,
Тоголок молдо мусулман !
Сабалап айткан Манасын
Санаттап ата бабасын,
Сагымбай өткөн мусулман !
Ааламдын элин буй кылган
Ак марал айдап уй кылган,
Айкөлүң өскөн мусулман !
Алдырбас колдон намысын,
Андайлар кайдан табылсын,
Алымбек өткөн мусулман !
Намазда башы эзилип
Нан кескендей кесилип
Нүзүп бий кеткен мусулман !
Жетигендей жанышкан,
Жетик ойчул даанышман,
Жети аке өткөн мусулман !
Эртели кеч толгонуп,
Эл эртеңин ойлонуп,
Олуя,
Калыгул кеткен мусулман !
Касиет куту ыроолоп,
Кадыр Алла жылоолоп,
Олуя,
Куйручук өткөн мусулман !
Олуялар пашасы,
Очогор мылтык машасы,
Кан Бакай өктөм мусулман !
Уулунун эмес улуттун,
Энеси деп аталган.
Эчен баатыр, эчен эр,
Энтигип сөздөн такалган,
Курманжан өткөн мусулман !
Эл сүйгөн түркүн чечендер
Эшен, калпа, эчендер,
Эгесине ибадат
Кылгандар өткөн мусулман !
Ата-баба жолунан,
Алыстап кетип тобунан,
Биз болбойлу бусулган.
Айнектей көзүм тунганда,
Акка маюн сунганда.
Гаргара жаным калкылдап,
Көөдөнүмдө турганда.
Кереметтүү келмени,
Айтууга жарда бер Алла.
Аяттардан окууга,
Арт артынан токуга,
Ал кубат дарман бер Алла.
Ага-ини калың чогулуп,
Акыркы намаз окулуп.
Жалпы жамаат чогулуп
Жаназа намаз окулуп.
Көтөрүлүп денебиз
Көргө барып коюлуп.
Көөдөй үйдө жатканда,
Көтөрүлгөн кайран жан,
Көөдөнгө кайра кайтканда.
Мункар,Накир периште
Кудайың ким деп айтканда.
Жардамыңды бере көр
Жараткан,
Аллахым сен деп айтканга.
Ааламында Барзактын,
Азабы күчтүү ал жактын.
Сурагынан өтпөсө,
Суру качат арбактын.
Нукуп чагып жылаандар
Нуру качат арбактын.
Көр кысканда адамдын
Көкүрөк сөөгү майышат.
Каарына чыдабай,
Кабыргасы кайышат.
Чоң чокмор менен урушуп
Чоң найза менен сайышат.
Тозоктун отун алдыңа
Тогуз кат кылып жайышат !
Жыгыта турган убактан,
Жыгылбай өтсөң сурактан.
Кангычакты ичесиң
Каусар деген булактан.
Жаткан бир жериң кең болот
Жаннаттык жайга тең болот.
Ар-бир кылган амалың,
Адамзат,
Акыретте эм болот.
Лайлаха ИллАлла
Мусулманбыз бир Алла,
Мусулмандан капырга
Бусулбайбыз биз Алла.
Бакыт кушун качырып
Учурбайбыз бир Алла.
Улуу сапар көч тартып,
Улуу макшар майданга
Утурлайбыз биз Алла.
Шарыят жолду кармаштан,
Шайтан менен чайкаштан,
Утулбайбыз бир Алла !
Макшарыңда азаптан
Маанисиз толгон казаттан,
Сактай көргүн жараткан !
Кыйсыпыр түркүн кылыктан,
Кыйаматта былыктан
Актай көргүн жараткан.
Кыл көпүрө сироттон,
Пенде кылгын шыр өткөн.
Пейилим менен ишенип,
Тилек кылам жүрөктөн.
Пайгамбарым Мухаммбет.
Салават айтам өзүңө
Санаалаш болгун өзүмө!
Жаханнам отун көргөзбө
Жаннатты көрөөр көзүмө.
Жаратканым күнөөм кеч,
Жакшылык жазгын сөзүмө.
Аптаптуу күндүн табында,
Булутта кылгын жараткан,
Бүткүл кылган күнөөнү,
Унутта кылгын жараткан.
Гүлү өсүп буралган,
Күндө гүлүн сугарган.
Күкүк торгой булбулдар,
Сайраган күндө чынардан.
Санатын күндө угалган,
Сан кумардан чыгалган,
Жаннаттык жандан кыла көр.
Жалганыңда пендеңдин,
Жалынган үнүн уга көр.

Пікірлер: 60
@ermekkyrgyzbaev6931
@ermekkyrgyzbaev6931 11 ай бұрын
АЗАМАТСЫҢ УЛУКБЕК . ТАЛАНТЫҢ ТАШКЫНДАЙ БЕРСИН . ❤️❤️❤️👍🏻👍🏻👍🏻 1:09 🎼🎼🎼🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@СултанбекШамитов
@СултанбекШамитов 10 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун Аллах өзү колдосун 🤲🤲
@sashan.a.g.s.5061
@sashan.a.g.s.5061 11 ай бұрын
Улук байке! Баардык жакшылыктарды каалайм.. Мыкты чыгыптыр 👍🏻👍🏻👍🏻.
@janbolotbaidyldaev7231
@janbolotbaidyldaev7231 10 ай бұрын
Баракелде 👍👍
@АйнураКожобекова-к5ы
@АйнураКожобекова-к5ы 6 ай бұрын
Чыгармачылк ийгилик, Дастанды ийнине жеткире аткарасын бар болунуз.
@JANATKANATUULU
@JANATKANATUULU 11 ай бұрын
ЭН соонун терме болуптур !! Бар болунуз
@АдилетЧоткараев
@АдилетЧоткараев 8 ай бұрын
Улукбек, азаматсын ийгилик каалаймын бар бол бактыбызга. 👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@АмангелдиКенжегулов
@АмангелдиКенжегулов 11 ай бұрын
Чыгармачылык ийгилик каалайм Аллахым озу колдосун
@АдиЗ-ч3в
@АдиЗ-ч3в 11 ай бұрын
Баракелди онорун онуп осун
@tbolot84Tawybekov
@tbolot84Tawybekov 6 ай бұрын
Улукбек дозум Алла раазы болсун сага, Аллахым өмүрүңө береке берсин дүнүйө акырет бактылуулук каалайм.
@user-ux7gf5ie9t
@user-ux7gf5ie9t 3 ай бұрын
Аман бол айлананайын балам! Өнөрүң өркүндөй берсин алтыным!
@АлтынбекБабадинов-я4ж
@АлтынбекБабадинов-я4ж 5 ай бұрын
Аллах сени биздин башыбыздан алыс кылбасын ушул сыяктуу ырлар керек бизге
@SamSung-uc5vm
@SamSung-uc5vm 10 ай бұрын
МашааЛлах
@alimmyrza8040
@alimmyrza8040 11 ай бұрын
💥💥💥
@kanybekajimatov2800
@kanybekajimatov2800 11 ай бұрын
Аллахым ыраазы болсун иним эн сонун терме
@ЗиядинМамытов
@ЗиядинМамытов 11 ай бұрын
Аллаа озу колдосун ❤❤❤❤
@ТемирланБектурсунуулу
@ТемирланБектурсунуулу 11 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун Улукбек аке Аллахым динди комуздун кылы менен даават кылганды насип кылсин. Оомийин
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 11 ай бұрын
Ай баракелде-ее-ееее-ее🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥👏👏👏👏👏👏👏👏эң соонун
@SuyumbekGusubaliev
@SuyumbekGusubaliev 10 ай бұрын
Азаматсын 🤲👍☝️🕋🇰🇬
@АвазбекТоктогулович
@АвазбекТоктогулович Ай бұрын
Алла озу колдосун. Онорун оркундой берсин.
@NurjanEstebesov-kyrgys
@NurjanEstebesov-kyrgys 11 ай бұрын
❤❤❤ баракелде ❤️❤️🔥❤️ Алла таала оңдосун Арбак колдосун ❤️❤️❤
@АйзадаДайырбекова-я7ю
@АйзадаДайырбекова-я7ю 11 ай бұрын
❤❤❤❤Аллахым колдосун Кыргыз элибизди жана сизди❤❤
@АтырАлимбекова-х7р
@АтырАлимбекова-х7р 11 ай бұрын
Азаматсын балам балли
@123Почта
@123Почта 9 ай бұрын
Кудай колдосун!
@SamSung-uc5vm
@SamSung-uc5vm 10 ай бұрын
Баракелде.
@user-kaddafe
@user-kaddafe 11 ай бұрын
Ай бали ошол сиз мактап ырдаган Аллах сизди жана баарыбызды колдосун
@123Почта
@123Почта 9 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун!!!
@ЖаркынбекАсанов-л9в
@ЖаркынбекАсанов-л9в 11 ай бұрын
👍👍👍🔥🔥🔥
@ТынычтыкНорузбаев
@ТынычтыкНорузбаев 11 ай бұрын
Азаматсын Бали.
@dastan_media
@dastan_media 10 ай бұрын
Керемет👍👍👍
@AidaiAskarbrkova
@AidaiAskarbrkova 11 ай бұрын
Эн соонун терме !!! Аллахым ар Бир мусулманды келмеси менен чогуу алып кетишти насип этсин. Азамат!! чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайм.
@user-kaddafe
@user-kaddafe 11 ай бұрын
Амин Амин Амин
@ЖанылТобокелова
@ЖанылТобокелова 6 ай бұрын
Молодец онорун оркундой берсин
@МамасалиОрунбаев
@МамасалиОрунбаев 8 ай бұрын
МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах Аллахым ыраазы болсун омурунузду узуун жана мынданда артык берекелуу кылсын Амиин Аллаху Акбар.
@НуралыТуманов
@НуралыТуманов 6 ай бұрын
Аллаху Акбар
@ЖылдызШергазиева
@ЖылдызШергазиева 11 ай бұрын
💥💥💥✊✊✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 11 ай бұрын
👍👍👍👍👍👍👍
@АрзоАшурбаев
@АрзоАшурбаев 10 ай бұрын
👍
@ЭлдиярТурусбеков-э7я
@ЭлдиярТурусбеков-э7я 11 ай бұрын
👍👍👍👍👍
@alibalibekbaykal
@alibalibekbaykal 11 ай бұрын
🇰🇿❤️🇰🇬
@kanybekajimatov2800
@kanybekajimatov2800 11 ай бұрын
Эр табылдынын тортунчу болугун качан чыгарасын тууганым
@Нурзат-ь1ж
@Нурзат-ь1ж 8 ай бұрын
МаашааАллах
@ibragimaltymyshbaev7142
@ibragimaltymyshbaev7142 2 ай бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@МырзалыАтабаев-м3м
@МырзалыАтабаев-м3м 2 ай бұрын
Ээ Баракелди жакшы айтыптырсын
@МамасалиОрунбаев
@МамасалиОрунбаев 8 ай бұрын
Ата тектин акындардын учугун улаган чыныгы акын. Илгерки акын аталарыбыз ыры менен насаат тарбия акыл накыл создорду айткан жаш муунга .
@zairbekovzairbek2136
@zairbekovzairbek2136 11 ай бұрын
👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿
@НурланКучуков-в1ч
@НурланКучуков-в1ч 2 күн бұрын
👍👏🇰🇬🤲❤
@Zhanaliev
@Zhanaliev 11 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун
@venommirlanov3990
@venommirlanov3990 11 ай бұрын
Молодец коп чыгарчы сагындырбай
@ГулмираАлтаева-я9е
@ГулмираАлтаева-я9е 4 ай бұрын
Бул ыр кайсыл акынга тийиштүү
@AinaziNurbekova
@AinaziNurbekova 3 ай бұрын
Чала молдолор кудайым озу жар болсу Н десенер,кайдагы создорду жазасынар
@АйбекЖенишов-э7ч
@АйбекЖенишов-э7ч 8 ай бұрын
Баракелде, автору ким болду экен?
@Ulukbek_Dastanchy
@Ulukbek_Dastanchy 8 ай бұрын
Өзүм.
@АйбекЖенишов-э7ч
@АйбекЖенишов-э7ч 8 ай бұрын
@@Ulukbek_Dastanchy Аллах Таала ыраазы болсун.
@Ааааа-в7х
@Ааааа-в7х 6 ай бұрын
​@@Ulukbek_DastanchyУлук байке кечиресиз,сиздин комуз черткен,акындыгыныз жана Манас айткан талантынызды сыйлайм,бирок Манасты да айтып жана Манаска каршы болгон иудейлердин жазган китебин даназалаганыныз кулкулуу корунуш эмеспи? Манас айтууну сиз жаттап алып айтат окшойсуз. Тушко аян болуп кирген Манас саптары ал оригиналы. Оригиналда Манас Бабабыз динчил болгон эмес. Ушул жерди тактап мага жооп айтып койсонуз.
@Ааааа-в7х
@Ааааа-в7х 6 ай бұрын
Жок дегенде Ак Кудайлардын тукумдары болгон улуу сыйкырчы Ажыдаарларды арабдаштырбай эле койсонуз болмок. Ак Кудайлардын тукуму кантип кара кудай Яхвеге сыйынсын. Вроде акынсыз го таланттуу.а буга логиканыз жетпейби. Же изилденбей даяр программа менен жашамайбы сиздики да? Кечиресиз дагы бир жолу,чындап тактагым келди,жооп кутом.
@Ulukbek_Dastanchy
@Ulukbek_Dastanchy 6 ай бұрын
@@Ааааа-в7х Сени түшүнгөн жокмун. эмне жөнүндө айтып жатканыңды дагы.
@Zhanaliev
@Zhanaliev 5 ай бұрын
ма ша Аллах Аллах ыраазы болсун бактылуу бол Аллахым омур бекем денсоолук берсин сага
@dastan_media
@dastan_media 10 ай бұрын
👍👍👍
Эр Эшим дастаны толугу менен. Улукбек дастанчы.
43:20
Улукбек Дастанчы
Рет қаралды 216 М.
Expected Ending?
00:45
ISSEI / いっせい
Рет қаралды 8 МЛН
У ГОРДЕЯ ПОЖАР в ОФИСЕ!
01:01
Дима Гордей
Рет қаралды 8 МЛН
Аалы Туткучев. Казактарга жооп.
11:10
Нурсултан Темирбеков
Рет қаралды 518 М.
Улукбек Токтоболот уулу-Дастанчы
23:21
УТРК ЧҮЙ
Рет қаралды 2,5 М.
Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы | Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда
37:37
УТРК Алтын казына - Борбордук архив
Рет қаралды 371 М.
Expected Ending?
00:45
ISSEI / いっせい
Рет қаралды 8 МЛН