Рет қаралды 159
И.Арабаев атындагы КМУда “Аталар изи” аталышындагы жаштар форуму өттү. Форумга КР ЖК депутаты Чынгыз Айдарбеков, Коомдук ишмер Роза Айтматова, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Ата-Бейит Улуттук комплексинин директору Болот Абдрахманов, университеттин профессордук-окуутучу курамы, окумуштуулар жана студенттер катышты.
Иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Агартуу Лигасы” билим берүү долбоору тарабынан уюштурулуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын изин жаштарга ар тараптуу жеткирүү максатында өткөрүлгөн.
Жаштар форумуна Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген 200гө жакын студенттер катышып,“Аталар изи” интеллектуалдык оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жаштардын башын бириктирип, форум өткөрүү жаркын келечекке умтулган студенттердин билим алууда алдыңкы технологияларды, инновацияларды колдонуп, мамлекетибиздин, элибиздин тарыхын, маданиятын, тилин унутпай билип жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.