Рет қаралды 15,944
ИИМдин КИББнын Төртүнчү башкармалыгы Башкы прокуратура менен биргеликте пара талап кылууга шектелген аскер комиссариатынын кызматкерин кармашты
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте, Бишкек шаарындагы аскер комиссариаттарынын биринин 2-бөлүмүнүн башчысын кармалды.
Аскер комиссариатынын кызматкери борбордун жашоочусунан альтернативдик кызмат өтөгөндүгү жана анын жакын тууганына аскердик билет алып бергендиги үчүн узак убакыт бою акча талап кылып жүргөн.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.
2024-жылдын 4-июль күнү аскер комиссариатынын кызматкери 7 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал буга чейин дагы 23 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.
Кармалган У.Б. жаран КР ЖПКнын 96-97-беренелери менен Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камакка алынган.
Текшерүү учурунда ага таандык болгон унаанын салонунан дагы бир нече аскердик билет табылган.
ИИМдин Басма сөз кызматы