Рет қаралды 33,182
Бишкек шаарындагы Тимура-Фрунзе 132 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушу дагы да болсо бүтпөй жатат. Элди сызга отургузган “Элит Центро Строй” курулуш компаниясынын жетекчилигинин айтымында курулуштун калганын эл өзү бүтүрөт. Себеби, “Элит Центро Строй” "Н-Групп" курулуш компаниясынын карамагына алынган. Ошондо эптеп акырыкы акчасын берип батир сатып алган эл эми үйдүн ичи - тышын бүтүрүү үчүн акча чогултушу керек. Ал эми акчаны алган “Элит Центро Строй” суудан кургак чыгабы?