Рет қаралды 269,838
N-групп компаниясы айыл чарба багытындагы жерге көп кабаттуу үй салып жаткан. Мыйзамсыз курулуш өз кезегинде токтотулду. Эске салсак буга чейин N-группдун карамагындагы “Элит Центро Строй” курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үй (Тимура-Фрунзе 132) сот тарабынан мыйзамсыз деп табылып, сүрдүрүү жөнүндө чечим чыккан. Азыркы тапта жүздөгөн карапайым сатып алуучуларга маселе жаралып жатат. КР боюнча мыйзамсыз курулуш жасаган курулуш компаниясынан үй алып убара болгон миңдеген жарандар бар.