Рет қаралды 458
• Кара-Кулжадагы Сагынды...
Кара-Кулжадагы Сагындык орто мектеби толугу менен күйүп кетти. Мектептин абалы менен таанышууга Кара-Кулжа районунун акиминин 1-орун басары, ӨКМдин, ЖКККБнын, милициянын кызматкерлери келишти.
Кара-Кулжа районунун акиминин 1-орун басары Бурканбек Айсаевдин айтымында, окуучуларды бош турган үйлөргө же жакынкы мектепке жайгаштыруу боюнча иш алып барылууда.
«Бул айылда үй ээлери сыртка иштөө үчүн кетип, бош турган үйлөр бар экен. Ошолорду да караштырып жатабыз. Бир чакырым алыстыкта Айдын-Көл орто мектеби да бар. Азыр окуучуларды кайсыл жакка жайгаштыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Сыртка иштөө үчүн кеткен үй ээлери макул болуп калса, парта, стулдарды алып келебиз. Окуучулар окууну үйлөрдө улантышат. Бүгүн аларга толугу менен шарттар түзүлөт. Эртеңден тартып окуу уланат», - деди Б.Айсаев.
Маалым болгондой, аталган мектепте 108 окуучу билим алып, 24 мугалим иштейт.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мектептин өрттөнүп жатканын кечээ, 17-февралда түнкү саат 23:30 чамасында көрүшкөн.
ӨКМден билдиришкендей, өрттүн кесепетинен болжол менен 500 чарчы метр мектеп толугу менен күйгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.