Рет қаралды 5,712
Азыркы тапта аз аздан болсо да Кыргызстандын көпчүлүк шаарларындагы инфратүзүмдөрү заман талабына ылайык өзгөрүп жатат. Буга жараша чакан заводдор да өзгөрүүлөрдү жасашууда. Бул багытта Каракол шаарындагы темир бетон заводу бир катар жаңы линияларды киргизе алды. Муну менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, чыгарылган продукциянын көлөмү да өстү. Быйылкы жылы аталган завод сугат тармагындагы керектүү жабдыктарды да чыгарып, айыл чарба тармагындагы жаңыланууларга салым кошууда.