Рет қаралды 11,767
Кулубек менен Гүлсана эки күндөн кийин келди, алар кызынын көңүлү ачылып жүзүнө кызыл жүгүрүп калганын көрүп купуя кубанып калышты. Гүлхан ошол күнү үстүнө аппак көйнөгүн кийинип, чачын түйүп алыптыр.
- Кызым, көрүнүшүң жакшы, - деди жылмайган Гүлсана.
- Ооба апа, мен Денистен кечирим алдым, ал мени кое берди.
- Капырай, мындай шумдукту укпаптырмын, көз тийбесин деги, аман болсоң экен.
- Коркпо апа, мен эми өлбөйм, кандай барып келдиңер, ата-энеси кандай абалда болуп жатат?