Рет қаралды 14,154
Бир ай ал үчүн бат эле өтүп кеткендей болду, Кулубек аларга бирди союп, боорсок жасап салып берип узатты, кеткенден кийин оңкулдап калышты.
- Жаңыл кызга көнө түшүптүрмүн, оңкулдап калдым, - деди Кулубек ойлуу.
- Кыз бирөөнүн бүлөөсү деген ырас тура, эмнеси болсо дагы аман болуп бактылуу болсунчу, кабагына кир жолобосо болду, - деди Гүлсана.
- Туура байбиче, - Кулубек башын ийкеди, - Темишти үйлөнтүп неберелүү болбосок болбойт, ал өзүбүздүкү да, - деди күлүп.
- Темишиң окуйм деп жатат го?