Рет қаралды 5,464
Лейлек килемдерин өлкө ичинде гана эмес чет жактарда дагы жакшы билишет. Чеберчилик менен колго токулган бышык килемдер өтө жогору бааланат. Мурас айылында жашаган кыз-келиндер килем токууну жаш чагынан эле өздөштүрөт. Азыркы тапта бул айылдагы киреше табуунун негизги булагы да ушул. Анткени кургакчылыктан улам жер иштетүү кыйындап кеткен.
Бирок куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылып, килем токуган чеберлердин короткон көз-майын актабай калды - анткени чийки затты Өзбекстандан алууга туура келип жатат. Ошентсе да аялдар Лейлектин салтуу кол өнөрчүлүгүн сактап калуу максатында иштерин улантып келишет.
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: ky.kloop.kg
Facebook: kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz