ЛИМОН КОШУЛГАН СУУНУН ПАЙДАСЫ ЧЕКСИЗ

  Рет қаралды 45,225

Жармагул Жармагул

Жармагул Жармагул

2 жыл бұрын

Жүрөк айланганда
Кээде ар кандай жагымсыз жыттан улам жүрөк айланат. Бул учурда лимондон тегерек кылып бир кесим кесебиз дагы, аны оозубуздун жанына жакын алып барып турабыз. Ушинтип лимондун жытынан улам жүрөк айлануудан арылса болот.
Сасык тумоодо
Лимон менен эфир майын сасык тумоо убагында ингаляцияга колдонуу натыйжалуу. Ал үчүн 1 стакан кайнак сууга 2-3 тамчы лимондун эфир майын кошуп, 5 мүнөткө жакын аралашмадан дем алып туруу керек.
Колго кам көрүү
Лимондун ширесинин жардамы менен колдогу жагымсыз жыттардан, жууп кетирүүгө кыйын болгон тактардан арылууга болот.
Какачка каршы
Какачтан арылтуучу касиетке лимон да ээ. Ал үчүн лимондун кабыгын кыргычтан өткөрүп чачтын түптөрүнө жумасына 1-2 жолу сыйпап турабыз. Ошондой эле майлуу чачтуулар чачты жуугандан кийин лимон кошулган суу менен чайкап турса, тери кургайт.
Тамак оору жана жөтөлдө
Эгерде 2 чай кашык лимон ширеси менен жарым чай кашык балды аралаштырсаңыз, тамак оору жана жөтөлгө каршы жакшы дары жасап алган болосуз. Бул кошулманы ысык чайга кошуп ичсеңиз болот.
Кебээрден кутулуу
Сиз чайнек же кебээр пайда боло турган спиралдарды колдонсоңуз, аларда пайда болгон кебээрди тазалоо үчүн лимон ширесин куюп коюу керек. Чайнектеги сууга болсо лимон ширесин кошуп кайнатып жиберсе, баары чыгып кетет.
Таза жана жагымдуу
Лимон ширесине суу кошулган кошулма менен тактайды тазалоо менен бирге жагымсыз жыттарды да кетирүүгө болот.
Тазалоочу каражат да боло алат
Лимондун кабыгын майдалап туруп үстүнө уксус куюп, кошулманын үстүн жаап 2 жума коюп коюу керек. Бул убакта кошулма бири-бирине жакшы аралашып калат. Андан кийин ар түрдүү идиштерди тазаласа болот.
Лимон менен тоник
Лимон менен жасалган тоник бетти тазалап, дезинфекциялап, терини жашартат. Ал үчүн минералдык сууга бал менен лимон кошуп пайдалануу шарт.
Ооздогу жагымсыз жыттан арылууда
Эгерде оозуңуз жагымсыз жыттанып кыжалат кылып жиберсе, аны кетирүүнүн жолу оңой. Сууга лимондун ширесин кошобуз дагы, даяр болгон кошулманы уурттап оозду чайкайбыз. Бул ыкманы колдонгондон кийин оозду суу менен чайкайбыз, болбосо лимондун кычкылдыгы тиштин эмалына зыян.
Аары чакканда
Аары чагып алса, кызарган жерди лимон ширеси менен аарчый койсоңуз, оорусу жеңилдей түшөт.
Жыты жок муздаткыч
Бир даана лимондун кабыгынын айрым жерлерин жука кесип туруп, калган бөлүгүн муздаткычка салып койсо, ал жагымсыз жыттарды өзүнө тартып алып, муздаткычтын ичи жагымдуу жытка бөлөнөт.
Жыпар жыттуу ванна
Ваннага суу толтурганда ага пена менен бирге лимондун эфир майын кошуп алса болот. Жуунуп бүткөндөн кийин көңүлүңүз гана ачылбастан, ашыкча салмактан да арыласыз.
Лимондун жардамы менен тырмакка кам көрүү
Маникюр жасаган мастерлер лимондун жардамы менен колго кам көргөндү билип алышса жакшы болот. Бөлүнгөн жарым лимонду кесеге сыгып алып, үстүнө суу куябыз. Бул суюктукка 3-4 мүнөт тырмакты малып туруу керек. Ал эми тырмактын үстүн тазалоого лимондун кабыгын пайдаланса болот.
Курт-кумурскадан арылтат
Цитрус жемиштеринин жыты жыттанган жерге кумурска, тараканга окшогон курт-кумурскалар жолобойт. Андыктан убагы менен лимондун ширесин үйдөгү кычыктарга сүртүп коюу пайдалуу.
Даамдуу салат
Салат жасаганда зыгыр майы менен лимон ширесинен кошуп койсоңуз, салатыңыз даамдуу эле болбостон, жагымдуу да жыттанып турат.
Лимон агартуу кызматын да аткарат
Лимон кебезден жасалган кийим, сүлгүлөрдүн тагын кетирип тазартуучу да касиети бар. Кир жууган машинаны иштетерде өтө көп эмес өлчөмдөгү лимон кычкылын куюп койсо, кир таза жуулат.

Пікірлер: 26
@altynaysatarovna942
@altynaysatarovna942 2 жыл бұрын
Мен тез тез грип болоберчи елем лимон жардамы ен соонун екен
@azamatismailov1108
@azamatismailov1108 Жыл бұрын
Жылуу Су мн ичеби рахмат
@kutbubu675
@kutbubu675 11 ай бұрын
Мен лимонаду 6 Айдан бери колдоном жардамы чон дала калса кабыгын жейминашыкча салмагымжок болду давления жок болду силердин Берген маалыматтарынар туура силерге рахмат Омурунорго береке менин атым Кутбу
@user-wr8sm2zt2o
@user-wr8sm2zt2o Ай бұрын
Башын айланат экен кундо ичсен 😊
@user-bo4ok3qw3q
@user-bo4ok3qw3q 2 жыл бұрын
Соонун экен азыр менде лимонсуз жашоо жок🤩🙏🏻
@azamatismailov1108
@azamatismailov1108 Жыл бұрын
Саламатсызбы лимонду жылуу суу мн ичебирахмат
@user-um7qn6qi4h
@user-um7qn6qi4h Жыл бұрын
@@azamatismailov1108 норм болсо болду
@jantenyrsatybaldiev419
@jantenyrsatybaldiev419 7 ай бұрын
Сууну кайнатабызбы
@gulbarcnynsultanova5621
@gulbarcnynsultanova5621 7 ай бұрын
Ачкарын ичилеби же тамактан кийинби
@user-fo8lr2ss8m
@user-fo8lr2ss8m 10 ай бұрын
Эркек балдарга болобу?
@user-db4kq2sp1c
@user-db4kq2sp1c Жыл бұрын
Бирок суук келет экен бир зыяны давлениены тушуруп салат
@user-vb8pl6ok8j
@user-vb8pl6ok8j Жыл бұрын
Туураа
@user-nh9mr2rn3s
@user-nh9mr2rn3s 2 жыл бұрын
Пияздын кабыгынын пайдасы эмне???
@user-ni4tr6ip8t
@user-ni4tr6ip8t 4 ай бұрын
Бирок суук тамакка кошулат.
@user-ux1kl4qu1k
@user-ux1kl4qu1k Жыл бұрын
Боюмда бар ичсем Боло береби даам сезбей шилекей агып тажаты
@Bob-tq3bu
@Bob-tq3bu 2 жыл бұрын
Саламатсыздарбы лимонду колдонуп бирок диета кармабаса деле арыктатабы же диета кармаш керекпи
@user-ne3uz4cj4n
@user-ne3uz4cj4n 2 жыл бұрын
аш казаныныздын 3 тон 1 болугундо тамак болушу керек
@user-ow2ky6qx2h
@user-ow2ky6qx2h 2 жыл бұрын
@@user-ne3uz4cj4n саламатсызбы лимон эмчек эмизгенде ичсе болобу лимонду
@user-ne3uz4cj4n
@user-ne3uz4cj4n 2 жыл бұрын
@@user-ow2ky6qx2h Болот бирок баланыз эмбей койсо токтото турасыз. Сут кычкыл болуп кетиши мумкун
@tynchtykshaakeev9363
@tynchtykshaakeev9363 Жыл бұрын
​@@user-ne3uz4cj4n
@user-hf6pq6vq1t
@user-hf6pq6vq1t Жыл бұрын
Чорный кофеге кошуп ичсениз тез арыктайсыз,без диета
@aijamalmadimarkyzy4793
@aijamalmadimarkyzy4793 Жыл бұрын
Бала эмизгендерге болобу
@user-vb8pl6ok8j
@user-vb8pl6ok8j Жыл бұрын
Жоок
@jantenyrsatybaldiev419
@jantenyrsatybaldiev419 7 ай бұрын
Сууну кайнатып кошобузбу
@user-hf8vt4nz4v
@user-hf8vt4nz4v 5 ай бұрын
Ысык суу мн ичеби или муздак суубу
@user-ct1sk9cb3t
@user-ct1sk9cb3t 3 ай бұрын
Ыссык сууга
¡Puaj! No comas piruleta sucia, usa un gadget 😱 #herramienta
00:30
JOON Spanish
Рет қаралды 22 МЛН
Кәріс тіріма өзі ?  | Synyptas 3 | 8 серия
24:47
kak budto
Рет қаралды 1,7 МЛН
[柴犬ASMR]曼玉Manyu&小白Bai 毛发护理Spa asmr
01:00
是曼玉不是鳗鱼
Рет қаралды 41 МЛН
КУТМАН ТАҢ // Ит мурун пайдасы
4:30
ЭлТР МАДАНИЯТ
Рет қаралды 15 М.
¡Puaj! No comas piruleta sucia, usa un gadget 😱 #herramienta
00:30
JOON Spanish
Рет қаралды 22 МЛН