Жүткүнүп жетпес жүзүмбү секет, Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн секет. Жүрөктү эзген үнүңдөн секет. Капталда бышкан карагат секет, Карагат сенин көзүңдөн секет. Каймана айткан сөзүңдөн секет. Өрөпкүп эми өмүрдө жаштык, Өтөмбү сенсиз өмүрдөн секет. Жаштык бул өзү жаздагы көчөт, Соолгону соолуйт, өскөнү өсөт. Жаш сүйүү деген чагылган учкун, Өрт болсоң өрттөйт, өчкөнүң өчөт. Жомоктой өмүр жолдогу бекет, Келгендер келет кеткендер кетет. Жалын ай жалын жаш күнүм секет, Жайлообуз жашыл чак бүгүн секет. Күтүүгө түтүп күйүттү билсең, Күлгөн чак келет бак гүлүм секет. Өмүрдө эң зор байлыгым менин, Өзүңө болгон ак сүйүүм секет. Булактай үнүң эшилип секет, Буралган боюң элестеп секет. Буулуккан жүрөк эзилип бирде, Буркурап ием сени эстеп секет. Жолоочу болдум жоголгон жолдон, Жоготкон жазым келет деп секет. Жашагым келет жалгандан кээде, Жашоомду сага белек деп секет. Жүрөккө жакын ынаксың секет, Жүрөккө жаккан чыраксың секет. Чарчасам жыпар саябан сенсиң, Чаңкасам мөлтүр булаксың секет. Көрүнбөй жашап көзүмө бирок, Көңүлгө бекем кубатсың секет. Көрүнбөй жашап себеби сен эп, Көп анча билбей келемин секет. Чексизден өткөн тереңим секет, Деңизден өткөн кененим секет. Чексизден өткөн тереңим секет, Жүткүнүп жетпей тереңге секет. Жүдөдүм мынча мен эмне секет, Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип, Жүрөбү сенин денеңде секет. Чаңкасаң суунун таттуусу кандай, Чайкасаң уунун ачуусу кандай. Көл деген куунун арманы кандай, Көрбөгөн иштин жалганы кандай. Чөптөргө жаздын жамгыры кандай, Чөккөнгө жандын жалгызы кандай. Түндөсү түштө күндүзү ойдо, Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо. Жаным эле жаным жаным дейм сени, Жалбарткан бойдон жашырып койбо. Күлүк бир атка күмүштөн така, Күлгүн жаш чакта күйүт бир башка. Ай секет секет секетим дейин, Ак булбул болуп сен турган бакта. Ачылган каалга жабылат билсең, Адамды адам сагынат билсең. Гөөхарың бир тең, көк ташың бир тең, Көз барда дүйнө көрк берет билсең. Кагышкан таштын учкуну түшсө, Калдайган токой өрттөнөт билсең. Ачылган каалга жабылат секет, Адамды адам сагынат секет. Акыйкат жашоо деп айтат баары, Аңдабайт бирок неге айтат аны. Бакытты издеп келайтат баары, Байкабайт бирок неге айтат аны. Ааламды каптап баратат анан, Агарган эмес карайган жагы. Ырдаган ырдап жүрөгү канайт, Ырдан да эч ким алалбайт канат. Бирөөлөр бизге табылбай калды, Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн, Бир тамчы жашым тып эткен барак. Бирөөлөр бизге табылбай калды, Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн, Бир тамчы жашым тып эткен барак.
@ErkekyzErkekyz-xm7zyАй бұрын
Ыр эмес бекен
@user-nj6ie6cn3z7 күн бұрын
Бир жаш тып этип сени таба албай калдым акебайым😢
@maxi-hz7cv4 жыл бұрын
Эх Элмирбек, Гул секетингди согинган экансанда, секетинг билан жаннатта юр, Гулсекетинг, чакирди сени, Бир биринга етиштин жаннатларда жуфт болип Юрина Энди, биз йиглап тинглап утамиз
@gulnaraabykova38532 жыл бұрын
Даа. Секетин сагынып,артынан кетти.
@user-iq8xq5ho1y23 күн бұрын
чыныгы талант деп ушуну айтат жаткан жери жайлуу болсун
@qairosh82454 жыл бұрын
Элмир байке жатқан жерің жайлы болсын 😭😭😭
@user-bg2mq3ur1v4 жыл бұрын
Ай байкушум Элмир ушунчалык Гулбуну катуу суйгон экендаа Гулбу эмине жалдыратып жургон экенда элмирди бирин бири кечиришип жашаса болмок экенгоо Гулбудагы арман ырларды кооп ырдаптыр мына эми ээрчишип кетип калышты эки суйушкондор😭😭😭😭😭😭
@kyrgyz.channel10 ай бұрын
Жуткунуп жетпес, жузумду секет Жузумдой сенин жузундон секет Журокту эзген унундон секет Капталда бышкан карагат секет Карагат сенин козундон секет Каймана айткан созундон секет Оропкуп эми омурду жаштык Отомбу сенсиз омурдон секет Жаштык - бул озу жаздагы кочот Соолгону соолуйт, оскону осот Жаш суйуу деген, чагылган учкун Орт болсон орттойт, очкону очот Жомоктой омур - жолдогу бекет Келгендер кетет, кеткендер келет Келгендер келет, кеткендер кетет Жалын ай жалын, жаш кунум секет Жайлообуз жашыл, чак бугун секет Кутууго тутуп, куйутту билсен Куйгон чак келет, бак гулун секет Омурдо эн зор байлыгым менин Озуно болгон ак суйуум секет Булактай унун эшилип секет Буралган боюн элестеп секет Буулуккан журок эзилип бирде Буркурап ийем сени эстеп секет Жолоочу болдум, жоголгон жолдон Жоготкон жазым келет деп секет Жашынгым келет жалгандан кээде Жашоомду сага белектеп секет Жашоомду сага белектеп секет Журокко жакын ынаксын секет Журокко жаккан чыраксын секет Чарчасам жыпар саябан сенсин Чанкасам молтур булаксын секет Корунбой жашап козумо, бирок Конулго бекем кубатсын секет Корунбой жашап себебин себеп Коп анча билбей келемин секет Чексизден откон тереним секет Денизден откон кененим секет Чексизден откон тереним секет Жуткунуп жетпей теренде секет Жудодум мынча мен эмне секет Журогум менин озумдон кетип Журобу сенин дененде секет Журобу сенин дененде секет Чанкасан суунун таттуусу кандай? Чайкасан уунун ачуусу кандай? Кол деген куунун арманы кандай? Корбогон иштин жалганы кандай? Чопторго жаздын жамгыры кандай? Чокконго жандын жалгызы кандай? Тундосу тушто, кундузу ойдо Тунулбой жашайм туп оюл жолдо Жаным эле, жаным, жаным дейм сени Жалбарткан бойдон жашырып койбо Кулук бир атта кумуштон така Кулгун жаш чакта куйут бир башка Ай секет, секет, секетим дейин Ак булбул болуп сен турган бакта Ачылган каалга жабылат билсен Адамды адам сагынат билсен Гоохарын бир тен, кок ташын бир тен Коз барда дуйно корк берет билсен Кагышкан таштын учкуну тушсо Калдайган токой орттонот билсен Ачылган каалга жабылат секет Адамды адам сагынат секет Акыйкат жашоо деп айтат баары Андыбайт бирок, неге айтат аны? Бакытты издеп келайтат баары Байкабайт бирок, неге айтат аны? Ааламды каптап баратат анын Агарган эмес, карайган жагы Ырдаган ырдап журогу канайт Ырдан да эчким алалбайт канат Бироолор бизге табылбай калды Бироолор бизди табалбай калат Бир гана менин сырдашым бугун Бир тамчы жашым тып эткен барак Бироолор бизге табылбай калды Бироолор бизди табалбай калат Бир гана менин сырдашым бугун Бир тамчы жашым тып эткен барак
@user-lg9fj7ii9m6 ай бұрын
Рахмат!👍
@user-ps9vt7yx4m5 ай бұрын
Алла ыраазы болсун 👍🏻👍🏻
@jyldyzbekmyrzabekov15594 жыл бұрын
Билгенге кыргыздын залкары алппы Кетти жаткан жери жайлуу Болсун!
@user-hk5ks6oh1i Жыл бұрын
Ассаламу алейкум аяш ака
@kengekayipova5713 жыл бұрын
Ушул форма жакшы жарашчу экен..Арман ай, азыркы мезгилде суйуу бар экенине ишендим.."Бир тамчы жашым,тып эткен барак" - дейт...😭😭😭😭
@user-wh4vq4ur7z7 ай бұрын
Ай Секеттин экоон эрчишип кетте бердинер калган омурунорду кыздарынарга балдарынарга берсин алардын бешенесинен кийинки алган Секеттин ден соолукта болсун жаткан жеринер нурга толсун
@user-fr6rm4pu9dАй бұрын
Калган омуру болсо жашамак да.
@user-qu6fo7hb4s2 жыл бұрын
Элмирбек менен гүлбү экөөнүн сүйүүсү түгөнгүс дастан эн таза сүйүү
@user-pn5dz4xm7d5 жыл бұрын
бир кундо мин уксан да тажабайсын бул ыр тарыхта калат кок сулуудай болуп
@user-gg4oh1xe1o2 ай бұрын
Э́
@user-ds9ps3br6l4 жыл бұрын
Бироолор бизге табылбай калды. Бироолор бизди табалбай калат.деп Гулбусун издеп кеткен турбайбы аттин Жайы жаннатан болсун,топурагы торко болсун.
@paizilatmamytova36372 жыл бұрын
Укмуш ырНе Деген Талант.Суйууну дантаган чыгарма
@user-lp2so9sy9h3 жыл бұрын
Ушинтип Бир тоо Элмирбек болсо экинчи зоо Чубак ажы да арабыздан Кетти! Аллахым бейиштин торунон ордун берсин!
@user-dk1vw6cl4pАй бұрын
Аттин ай дёсен, эмне деген залкарлар кетти. Журок ыйлайт. Бейиштин торунон орун берсин залкарларга.
@user-gy8lw7xk7s27 күн бұрын
Чыныгы суйуу деп баалайым,суйгон адамын ,кандай кырдаалда болсо да,эч качан эсинден кетбейт😔 Аллахым бейишинерди берсин🤲❤️
@gulnaraabykova38532 жыл бұрын
Жаным ай😢😢😢😢ушундай суйуптур чиркин,😢😢😢😢😢 эмнеге бирге жашаган жоксунар,кудай ай😢😢😢😢😢
@user-ft7pg9kp2k3 жыл бұрын
Угуп алып аябай ыйладым Гулбубу экоонун суйусу накта суйуу болгон экее
@user-hk3nr8ej8y4 жыл бұрын
Гулбу менен Элмирбектин суйуусу
@talantbekov_018 ай бұрын
Кабылбайт кимге калтардай сулуу, Калгандар калат, жеткендер жетет…
@user-kt1fy5xt2d4 жыл бұрын
Гулбу эжеге арнаган ыр го..Эмне деген суйуу болгон ээ ортолорунда..Эээххх жашоо..😭😭😢😢
@user-sz4vg3ii8j4 жыл бұрын
Туура Гулбу эжеге арнап чыгарган ыры экен. Учурда Сыймык Бейшекеев агабыз ырдап журот экен.Секетинин артынан ОЗУ да Кетти😢😢😢
@user-qq6lb2wc1z4 жыл бұрын
Гулбубу ну эмне айтасынбы ушундай алп адамдын баркына жетбейт байлык Деп кеткен
@user-io4jw7mm3n4 жыл бұрын
Билгенге Кыргыздын акыны кетти!биобегенге жонокой бир инсан олду!жайыныз бейиште болсун!🙏🙏
@user-wi9ee4ej2s4 жыл бұрын
Секетиниз мн бейиште жолугуп бирге болунуздаар суйушкон тугойлор чын дуйнодо бактылуу болушат
@gulnaraabykova38533 жыл бұрын
Суйуу -бул керемет,сагынуу,оксуу, азап,ооруу.Суйуу башынан откон гана адам сыздайт.Тун да,кун да оюндан кетпейт.Козундон жашын тыпылдап агат
@almazff97322 жыл бұрын
ГУЛБУСУНО ШАШЫП КЕТЕ БЕРДИ АКЫНЫБЫЗ😭
@nurbektemirbekov1230 Жыл бұрын
Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Кургулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сай-сайдан ылдый суу агат секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет. Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Курбулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сайдан кар ээрип агылар секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет. Баскамын сенин артыңдан секет, Баргандан бирок тартынгам секет. Кайкалай бүткөн далыңды сенин, Кара бир чачың жайпаган секет. Өрттөнүп жүрөк жанчылды секет, Өзүңсүң жазаар жарпымды секет. Жылмайсаң түн да жарк этет аттиң, Жылдыздан түшкөн жансыңбы секет. Өрттөдүң, күйгөн күл калды секет, Өмүргө келген бир жанды секет. Төгүлгөн кундуз чачыңды эми, Төшөктөн көрөөр күн барбы секет? Күйгүздүң күйгөн күл калды секет, Күнүмдүк келген бир жанды секет. Жайкалган кара чачыңды эми, Жаздыктан көрөөр күн барбы секет? Кырдан кар ээрип агылар секет, Кыйноонун дагы жазы бар секет. Кыса бир кармап белиңден сенин, Кызыгуум бир күн жазылаар секет. Сайдан кар ээрип агылар секет, Санаанын дагы жазы бар секет. Саамайың сылап, бой балкып чиркин, Сагынчым бир күн жазылаар секет.
@user-rv9mb3op8x6 ай бұрын
А
@gulnaraabykova38532 жыл бұрын
Жаны куйуп ырдап жатат.
@user-cc1bn5pc5l4 жыл бұрын
😪Кыргызыбыздын бычакка сап боло турган чыгаан инсаныбыздан дагы айрылдык.Жаратканыбыз Бейишинизди берсиин🙏🤲.Жакындарынызга Сабыр тилеймин😢😭
@user-py7vz8hn5u4 жыл бұрын
😥😥😥😥
@user-be7vt9hb8k6 ай бұрын
Эн жакшы кол жеткис жылдыз адам эле, бейишке чыксын.
@user-fp7ke1qt8b2 жыл бұрын
Бироолор бизге табылбай калды. Бироолор бизди табалбай калат деп айтып койгон экенсизда.......
@user-hk7ex2vg3w4 жыл бұрын
Бул ырды угуп,Нурзат менен жашап,Гулбубуну суйгонбу деп ойлойм. Же.............. Кандай болсо дагы бейиште табышып,чогуу болсун.
@shekerbekov_15004 жыл бұрын
Уккан кулагыма ишене албай турам аке. Эмне дейбиз? Колдон эмне келет? Айла жок жаткан жериңиз жайлуу болсун деп дуа кылып куран окугандан башка эч нерсе келбейт аке. Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүңүздү кечирип бейиштен жай насип кылган болсун! 🤲
@nurjamalkoldosheva56876 жыл бұрын
Аттин гулбуго арналган ырлар туболук сакталат
@user-sl3uu1cb9j2 жыл бұрын
Бугун куран окудум Элмирбекке багыштадым. Бейишинди берсин Аллахым. Ушундай очпос олбос бийик чыгармаларын турганда туболук жашайсын. Бугун 17 январь туулган кунун экен. Маданият тарых каналында кечке озундун чыгармачылыгына арналган беруулор болду.
@user-cj9tc6fl5k6 жыл бұрын
😢ырды угуп, адамдарда ушунчалык кучтуу суйуу бар экенине там бердим!
@gulnaraabykova38533 жыл бұрын
Даа.Суйуу ушундай болот.Менин башымдан откон.
@user-mi5zk1yh3x2 жыл бұрын
Элмирбек жок болсо деле лайк баса берем мен...
@user-nc6lu1wp6y Жыл бұрын
Кандай Гана кыйын акын эле,Элмирбек агабыз,бейишинен берсин сиздин жанынынызды Аллахым
@user-os9ou5op5h2 жыл бұрын
Эх бул замандын Токтогулу элен
@user-vv6zf2tn3n6 жыл бұрын
Жузумдой сенин жузуңдон секет,Журокту эзген унуңдон секет,журогум менин озумдон кетип,журобу сенин дененде секет дейт Элмирбектин сыздаганынча бар да.шайыр жене м.н бир суйлошуп корбосом дагы, кеткенден бери менде аза кутуу токтой элек😭😭😭
@gulnaraabykova38533 жыл бұрын
Ушундай суйуптур байкуш,Гулбунун ырлары деле Элмирге арналат. Ал деле катуу суйгон. Озун озу алаксытып жашап журо берет.Суйушкон адам гана тушунот.
@user-bn9yh1zp1s5 ай бұрын
Аллах Таала ан Нуур жарык Кылуучу Ин шаа Аллах ✊
@user-ig8xw4zc2y3 жыл бұрын
Суйуу сезими ушунчалык таза болгон экенда ар бир адамда мындай сезим болобербейт .Ай чиркин омур учуп кеткенин билбей калат экенбиз
@sharapatkasymova61825 жыл бұрын
Арман эмес суйгонуно жетпеген. Арман эмес тугойунон четтеген. Анык арман адам болуп жаралып, Махаббаттын асыл даамын сезбеген.
@user-lg5yk2ki7e4 жыл бұрын
Тугойунон элмир четдеген эмес секети четдеп кеткендир дешет аруу затым деген ырында айтатко Бир уу жылан сойлоп оттду суйумдон Бир убакта ойрон болду дунуйом деп боздоп Бир уу жылан айалын тартып кенкен екен тагдыр мени калагандай калчады акын болсо алып кетчи чарчадым деген саптары
@maibai70133 жыл бұрын
Элмирдин эжелери тушунуктуу эле экен Ушул суйулорун кокуп деле жараштырып койсо болмок экен
@kadamjay14 жыл бұрын
Бул ырды уккандан кийин эмне деп жазыштыда билбеймин. Жаткан жериңиздер жайлуу болсун😰 Ай Секет деп. Жаным эле жаным деп эзилип боздоп арманыңыз ичинизде кетти . Бейишинен насип кылсын сиздерге. 😭😭😭😭😭😭
@user-gl1qz2lq4k2 жыл бұрын
Махабат дастаны,суйуу болбосо ушундай создор кантип жазылат?
@user-se1ok9yj3j4 жыл бұрын
Эх Гулбу эжени аябай жакшы коргон болсо керек деп ойлойм,акыры ич ичинен эзилип журуп артынан кетти окшойт
@bekzatsamatbekov38352 жыл бұрын
Оа. Куйуттон эле кетти. Куйуттон Сахарный диабет болуп больницага жатып даарыланып журуп кетип калды . Эхх кандай керемет адам эле
@gulnaraabykova3853 Жыл бұрын
Жаным ай, бир болсонор эмне. Гулбусуз жашоонун манызы болбогондой. Болгон байлыгы ак суйуусу.
@user-lt5tr1ju1q4 жыл бұрын
Ушул ырды Гулбу эжеге арнаган экен дешетгоо..Гукуш деген ыр экен эле....эххх бейишке киришти насип кылсын Аллахым 😢😢
@nurgulmakebaeva76264 жыл бұрын
Кандай керемет Кыргызда кылымда да кайталанбас Адам эле Арман дуйно ...,азыркы замандын адамдарына кор кылбай,ырааа корбой Алла таалам деле алып Кетти окшойт деп ойлойм ..,туболук жашоодо бейишин берсин ......
@user-ff3iu3qw2j4 жыл бұрын
Жайы жаннаттан болсун , бычака сап Кыргыздын жигитиэле аттин жоготупалдык 😕
@maibai70133 жыл бұрын
Гулбу туруктуу турмушка тушунгон эле ортодо тушунбостук короалбастык деген бар да
@gulnaraabykova3853 Жыл бұрын
Ай байкушум ай,ушундай суйчу экен да.Гулбу олгондон кийин чыгарган турбайбы.
@adinaatabekova39686 жыл бұрын
Элмирбек байке, талантынызга таазим! Ыйлагым келип кетти 😅Гулбубу эжени эстеп алып жаман болдум. Эми сизден жаны чыгарма кутобуз.
элмирбек талантын ташкындай.берсин Токтогулдан кийинки озгоруштун булбулу сенсин тил коздон алыс бол аллаахым колдоп журсун.
@gulzat01496 жыл бұрын
Элдин баарын ыйлататко.
@user-oo8hr3ty8jАй бұрын
Булбул унду акын бир келдида кети жаткан жерт бейиштин гулбакчасы болсун 😢
@omkajakypov77744 жыл бұрын
Секетинизге кетинизби а акоов жаткан жериниз жайлуу болсун Аллахым бейишин берсин 😪
@user-py7vz8hn5u4 жыл бұрын
😥😥😥😥
@user-gv6pw1bx4f4 жыл бұрын
😭😭😭😭
@Jack-co9uvАй бұрын
Буулугуп ыйлагысы келгендей сезилет мага озум да ыйлап алам ушул ырлы уканнда
@user-dl6bn4xf6b6 жыл бұрын
Элмирбек ага ар бир ырыныз журокко жетет. Ар бир созунуз маанилуу. Бар болунуз.
@user-fq8wy5ht6w6 ай бұрын
р6рттьррод
@Zhakshylyk80 Жыл бұрын
Жаш кетип калды Кыргыздын Акыны 😢😢😢😢
@user-xs6fo1pq7z Жыл бұрын
Кудайым бейишинен орун берсин.
@Hacker-bn9kl6 жыл бұрын
Алтындай болгон Эжеме арналган Гулбу эжеме жаткан жери топрагы женил болсун алтын эжекем
@kakkak1494 жыл бұрын
эми озуно ким ырдайт ушинтип😢
@kanybektazhiev9833 жыл бұрын
2020 жыл Кыргызстанга аябай чоң жоготуу алып келди. Кандай деген залкар адамдарыбыз кетти😢. Чубак ажыбыздан да ажырап турабыз 😭. Жаткан жерлери жайлуу болсун!
Бул ыр саптарды Элмикем 6 кабат асмандан 7 кабат жер астынан таап журогундо электен откоруп жазганго
@cholponturgunalieva58124 жыл бұрын
Мен мындан да кучтуу керемет ырларды жазып таштап кетти го деп ойлоп жатам.Созсуз болушу мумкун
@user-re1ot4dk9c6 жыл бұрын
Эльмирбек омур бою,озун жеп,кечирбей келет го,аккуусун учуруп жибергенине,эжем кандай боздоп,суйуусун ичинен зыркырап Эльмирбек авага ырларын баарын арнаган,эми эстелик болуп,омур бою элесинде Гулбунун ырлары журогундо уюп сыздап угулуп жанырып келет туболук,кантип жашайт эми эжемди таппайт эми😂😂😂😂😂😢😢😢😢😭😭😭😭😭😭
@gylmiragda77996 жыл бұрын
Мунара Абдымамбетова Элмирбекте эмне куноо?
@kengekayipova5714 жыл бұрын
Кудай, ай, арман салды го...элдин куйуту басыла элек..Ким менен баарлашпайын эркек,аял дебей кайгырдым..Оорудум...ыйладым..деген создор чыгат.
@user-iq7qu7wy2d Жыл бұрын
Элмирбек Иманалиев, чыныгы гений. Ыр саптарынын баарында терең маани бар.
@user-xz8oe3bx6j Жыл бұрын
Кайран гана Элмикем жаткан жериниз жайлуу болсун
@yryskeldiulanov52122 жыл бұрын
Жаны жаннаттан болсун 🤲🏼❤️
@user-ds6jh7ex2r4 жыл бұрын
Ән ғо шіркіін! Аман болыңыз!
@user-ot4ri2ve1u3 жыл бұрын
аттиң десең 😢
@gulnaza981710 ай бұрын
Жаштык бул озу жаздагы кочот, Соолгону соолуйт оскону осот. Жаш суйуу деген чагылган учкун, Орт болсон орттой оскону очот. Жомоктой омур жолдогу бекет, Келгендер кетет кеткендер келет.
@user-vb6pn8bn5t6 жыл бұрын
😢😭😭😭😭😭😭😭😭журокту ооруттун гоооо😢😢😢Арман кун ааай Арман.....
@urmatimangaziev65096 жыл бұрын
Ар бир созу керемет бар бол улуу акын. Керемет адам
@user-vb6pn8bn5t6 жыл бұрын
Келишкен сонун тугойлор эленер......Кудайым ай,экоо созсуз бири биринен ажыраш керек беле???Эмнеге?😢😢😢😢
@nurzatturdukanova95955 жыл бұрын
.
@gulnaraabykova38533 жыл бұрын
Ай байкушум ай ,бир тамчы жашым,тып эткен барак
@adiberdaliev80114 жыл бұрын
Ай секет деп жатып калдыңызбы Элмике, ичим ачышты көзүм жашка толду өткөндө бар болуңуз деп жазсам эми жаткан жериңиз жайлуу болсун топурагыныз торко тоо булбулу бейиште болуңуз.
@user-gu9tb3tg6w2 ай бұрын
Ушундай талант кач жаралат кармап клалбадык екинчитоуоогул
@user-yj4xk8ut9h Жыл бұрын
Жайын жанната болсун Элмирбек 😥😭
@user-hu3nx9bt5y3 жыл бұрын
Салам алейкум. Кандай сонун талант. Живой голос уккандан тажабайм. Аттин арман ушундай талаттуу адамдын бул дуйнодон отуп кеткени кандай гана окундурот ээх арман.
@user-ns9xj3km6d3 жыл бұрын
Суйуну эн жакшы даназалаган,эн соонун ыр,арманда кетти го
@islamjulgeldiev83214 жыл бұрын
Елмирбек ака жатканжериниз жайлу болсун 😥😥
@user-qv6dm2qs1p4 жыл бұрын
Талантынызга таазим ,азыркынын Токтогулу сиз менен замандаш болгонума сыймыктанам.
@user-ub5mt3go9s7 ай бұрын
Сүйүүсү улук экен
@user-wl2tv2vc6i3 жыл бұрын
Аттин жашаса болмок. Ырларын угуп жанырсак болмок Жаз болуп келип жайнады Элмир Жалпы журт билетбаракка тамган жашынды Элмир....
@user-ib6hn1mm6g3 ай бұрын
Нурзатка арналган ыр, акылдуу айым экен...
@user-qr9oi2hr6z4 жыл бұрын
Гулбу эженин артынан сиз дагы кетип калдынызбы 😥😥😥
@ADM_OZK2 жыл бұрын
ÇOK GÜZEL ÇOK TEŞEKKÜR EDERİM 🙏 AĞZINIZA SAĞLIK
@gulnulbalbakova13762 жыл бұрын
Канча жолу уксам да,кайра эле уккум келе берет.Чон талант эле.Мандайга сыйбай кетти.
@user-py7vz8hn5u4 жыл бұрын
Олум ак деген ушул тура😥😥😥 3 кундон бери козумдон жаш токтобойт. Акыры сиздин ырларынызды угуп мунумду баскандай болуп жатам. Дагы жашасаныз болот эле😥😥😥. Мынча омурунуз ото эле кыска болду экен😥😥😥. Сиздей адам кылымда бир жаралат😥😥😥 Аттин аттин 😥😥😥😥😥😥 Жаткан жериниз жаннат болсун кыргызмдын Жарк этип очко жылдызы😥😥😥😥
@user-lg5yk2ki7e4 жыл бұрын
Кой ыйлайбербе ыйлайберип зайырбек досукетди бугун
@nurgulmakebaeva76264 жыл бұрын
Жалган жашоодогу жаман адамдардан коргоп Кетти го озумду озум жоошутуп коем.....
@user-bj6br5vi2c4 жыл бұрын
20.04.2020 жаткан жериниз жайлуу болсун тозок отун Арам кылган болсун сизге😣
@user-wj5ef9qk1s5 жыл бұрын
Бар болунуз Сиз менен сыймыктанабыз.
@user-zj9wo6jj6f2 жыл бұрын
Кайталангыс обондор Элмирбек жанын бейиште болскн
@JenishKanikulov4 ай бұрын
Баардык адамдарда ушундай суйуу болсо ээ😢💔😔
@Yasin0013 жыл бұрын
Алыскаааа сапар узадын , Алгалааап колун булгадын , Ар дунооо деп башын бурбадын, Ар намыс айтып ундодун, Ар дайыым айткан санатын , Ар жангааа жетип тушалган, Айтканыын Элин уга алган, Ар жанга жетип туп алган, Арманга ырыын куч алган, Атаганат журтуна Элмирбек атын калтырган.😢
@user-nj6ie6cn3zАй бұрын
Алтын акем, бейшитен берсин ордунду 😢😢😢😢
@Azamat.87 Жыл бұрын
Чыныгы талант бар эле эрте кетти Аллахым бейишин берсин
@user-ow1jz8nw5y4 жыл бұрын
Мына суйуу......Онорунуз оркундой берсин.Ар бир замандын Залкарлары болот сиз менен замандаш болгонума ыраазымын.
@blackmamba43072 жыл бұрын
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Оомийин 🤲 😭😭😭
@user-gf8ig4mq4l3 ай бұрын
Ех кайраным Бейиште орун берген болсун кандай керемет создор🤲🤲🙏