Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, Качанкы бир мен жоготкон асманым. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук. Бирде чуркап бирде калып жөрмөлөп, Билинбестен кайран жаштык өйдөлөп, Баратканда балбылдаган от көрдүм, Бакыт менден алыс эмес өңдөнөт. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Тагдыр, мени каалагандай калчадың, Акың калса, алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кете электе бир жолу, Жашоо берчи жашылындай арчанын. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук. Карындашым, кагылайын, картайганча мага бир жолук.
@Влвлвладаллаал4 ай бұрын
Бейиште журуну насип кылсын кудайым
@ТаалайбекКабылбеков-ч4и Жыл бұрын
Кайран жигит акындын алып Элен. Жаткан жерин байлуу болсун.
@scarlxrd773610 ай бұрын
Кандай гана талант жаш кетти.
@играйвместесомной-ь3ф3 жыл бұрын
Алтындай болгон инсандан айрылып калдык арман,эл суйгон Эльмирбек дайыма журогубуздо жашай бер
@СабирнисаКуланбаева-к3щ3 жыл бұрын
Жазсан соз жетпейт.ыйласан ун жетпей болдуко .атин арман.Жай жаннаттан орун берсин яАллахым.
@ЖумагулТороканова-ы5ж Жыл бұрын
Кандай Гана баа жеткис инсан эле, Аллахым жайын Жаннаттан кылып, кабырдын нурлуу кылсын. Кабыр азабынан сактап Фирдаус бейишинен орун берсин
@ЧынгызКамчыбекович Жыл бұрын
Кайран акын, жаткан жерин жайлууу болсун
@aiymkabatyrova73222 жыл бұрын
Кандай гана улуу инсан эле, ырларын кундо угам, тажабайм, жаткан жериниз жайлуу болсун
Кайран булбул эмне деген залкар элен? Аллахым бейишинен оорун берсин! Артында калган балдарынан озундой жез тандай залкар чыгып жолунду жолдосо экен! Элмикем кайра бир туулса экен!
@УмутСейдалиева-ы4ж2 жыл бұрын
Оригиналы уккандан кийин ,Асхат мусабеков жон эле суйлоп койгондой угулуп калат экен ,эмнеге ушундай эмоция менен ырдаган эмес , элмирбек байке жаткан жериниз жайлуу болсун ,мыктысыз
@mirbekakmataliev11032 жыл бұрын
Бул ар бир ырдын ыргагына жараша болот окшойт. Мен Жан секет менен Аруузатты көп угам, Аруузат автордун аткаруусунда мыкты чыккан. Жан секетти Акматбек келтирип ырдаган.
@tasmaait Жыл бұрын
@@mirbekakmataliev1103ооба туура айтасыз
@KuluipaNurmatova-ku8el6 ай бұрын
Туура сөз 👍 автордун аткаруусунда сонун 👍 ар бир ырында эмоция менен ырдын ичинде жашап ырдаган...
@АкмоорАкмоор-щ2ш3 жыл бұрын
Аттин ай жаш кетти жаш карыбас болсочу,жигит олбос болсочу.
@aralashvideo95293 жыл бұрын
Эгерде мен ушундай ырдап калсам барбеле эх
@АзаматКурманалиев-ш4г3 жыл бұрын
Кайран Гана Элмир байке бейиштен оорун Берген болсун Аллах
@СамараАбдыкадырова-э7д3 жыл бұрын
Оомийин оомийин оомийин
@KanigylJymasowa7 ай бұрын
Олбогондой аттин ажалга Айла жок экен жаткан жерин жайлуу болсун 🤲 кобурок чыгаргыла айтыштарын коруп турайлы Рахмат кайсы жылы тартылганын жазып кеткиле
@erlanjaanbaev57122 жыл бұрын
😭😭 жатқан жері жайлы болсын топурагы торпо болсын
@user-ux7gf5ie9t Жыл бұрын
😢😢😢
@azimkansatarova5261 Жыл бұрын
🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲😢
@УлутбекДовилбеков3 жыл бұрын
Элмирбек акын акебистей акын чыкса экен бул акын өтө күчтүү акын эле казак акындары менен айтышканда өтө курч айтышат эле кыргыз эли эч качан унутпайт Эмикебизди