Айтчы деги бизди күткөн бирөө барбы? Ак басып чачтарымдын каралары,. Ойногон бала бойдон калайынчы, Токтой турчу, бираз ойноп алайын. Кечээ эле атам жапжаш бойдон жүргөн, Колдоруна көтөрүп беттен сүйгөн. Бүгүн болсо картайдыбы? ал күчү аз, Айбаты жок каткырып катуу күлгөн. Апакемдин күлкүсү тунук эле, Бырышы жок жүзүндө нурдуу эле. Айтчы өмүр себебин бул кылганың, Маанайы суз, чарчагандай бүгүн неге? Себеби не ушунчалык шашылгандын? Чакырдыбы сени күткөн асылдарың? Мен барсам да артыңдан ээрчип сени, Жашасынчы жүз жылдарга жакындарым. Жыргатасың, ыйлатасың тажабайсың, Токто десе арт жагыңа карабайсың. Пенделике салып кылса каталык, Азабыңа саласың го, аябайсың. Зуулдайсың, чуркайсың, шашыласың, Керектигиң билип туруп ашыгасың. Сыноосуна салып коюп пенделерди, Турмуштун ак боз атын камчылайсың, Айтчы өмүр, деги кайда шашыласың?
@МекенМекен-ю8х6 ай бұрын
Жарайсын мансур.
@АзизбекТойгонбаев-щ3ю6 ай бұрын
Азаматсын иним! Ийгиликтердин баардыгын каалайм!
@МухаммедАбдуллаевич-е1щ4 ай бұрын
МашаАллах Мансур азаматсың
@светланаветрова-н6ь6 ай бұрын
❤😢
@БакытИсаев-н5п6 ай бұрын
Дагы коп коп чыгармалардан жарата бер
@ТилекматМаратуулу9 ай бұрын
Азаматсын Мансур, дагы жаны ыр саптарынды күтөм. 👍
@МаксатСапарбайев8 ай бұрын
молодец
@orozmat_939 ай бұрын
Ийгилик каалайм иштерине аман бол досум
@АйбекСопубеков-л8к9 ай бұрын
Молодец родной
@АскарМамашарипович8 ай бұрын
Молодец мыкты чыгарма экен
@БактиярКасымов-е9э9 ай бұрын
Өркүндөй берсин өнөрүң досум
@УсонАширов-м3э9 ай бұрын
Жолдош капитан сиз мыктысыз
@КаниМаликова-х4ш9 ай бұрын
Онорунуз оркундой берсин! Дагы чыгармаларды кутобуз!