Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев менен улуттун уңгусундагы, өзөгүндөгү нарк - насил тууралуу , анын түшүндүрмөсү, мааниси , маңызы эмне экенин сүйлөштүк. #НазираАйтбекова
Пікірлер: 306
@gulkaiyrtaalaibekkyzy13082 жыл бұрын
Маданият министри болууга татыктуу инсан экен!!! Өкүнүчтүүсү, ушундай билимдүү, акылы терең адамдарыбыз аз коомдо. 😔
@azaliyabaisabaeva6965 ай бұрын
35:36 көп эле элдин ичинен чыгат элдин ичи кенч байлык. Эл ичи өнөр кенчи.
@bulak03072 жыл бұрын
Агайдын " Кыргыз таану" боюнча сабагына катышуу- бул бир чоң кыял!!!
@user-wz6hv6nl8g2 жыл бұрын
Назира, ушу маектен соң сизге болгон сыйым артты. Улуттук наркыбыздын келечеги Мелис агайдын тили менен айтылып, колу менен жазылып калаарына шек жок. Экөөңө тең ыраазымын. Бар болгула!
@user-kb4dc6tc4l2 жыл бұрын
Кыргыздын тарыхын сактап калыш керек, азыркы заманда.
@zari36062 жыл бұрын
Кыргыз наркын, баркын билип, өз нугубузга түшкөнгө салым кошкон, сизге ыраазычылык, амандык каалайм, Назира сенин эмгегиң чоң, ушунуңдан жазбагын, элиме бак дөөлөт консун.... Ар бирибиз улуттук ар намысты ойготконго убакыт келди.
@user-gd6sh1ti1y2 жыл бұрын
Керемет!!! Агайдын ар бир айткан созуно кошулам,колдойм. Ушундай инсандар арабызда бар экени суйундурот. Келечегиме илгери умут жетелейт,кубандырат. Чон раазычылык!!!
@user-nc9nr8mj3e2 жыл бұрын
Мындай маек улуттук сыналгыдан элибиздин калын катмарына жеткидей денгээлде, тынымсыз кайталанып туруш керек жана мамлекеттик тарабынан коюлган талап болуш керек деп ойлойм.
@flowerkg7332 жыл бұрын
Туура айтасыз! Эмнеге чыгарбайт ушундай маектерди?((
@user-zj7kl8ow2p5 ай бұрын
Улуттук канал эки досту мактагандан бошобойт,Эл менен иши жок
@user-yz2yg5ue3k2 жыл бұрын
Рахмат кыргызым деген адамдар бар экенго. Кыргыздын тарыхын коптон бери айтып келе жатат бул жигит ушуну укпай эл ишенип шайлаган депутаттарыбыз кылганын кара. Кыргыз деп куйгондорду укпай тез арада бир кудулдун созу мн элди ойлондуруп койушту. Урп адат деп ойлонгончо паспорт саталы деп чыгышты. Эл журтум Манас Ата колдо дейли Кыргыз бойдон калалы
@glmr9092 жыл бұрын
Өтө кызыктуу,маанилүү, азыркы кыргызга керектүү маек болуптур. Рахмат сизге Мелис Мураталиев Жана албетте Назира сага! Дагы уландысын ар бир кыргыз күтөт деп ойлойм!
@user-ob1rl5hk1g2 жыл бұрын
Эн сонун. Азаматсын Назира. Сөөктү агарттын дечү беле. Көрсө Нарк-бул кыргыздын жан дүйнөсү менен кошо төрөлгөн жазылбаган да, жазылган да мыйзамы " Конституция " сы турбайбы. 👍👍👍
@jannatkarabekova29162 жыл бұрын
Сонун тарых ар бир кыргыз биле турган балуу сабак.Мелис агай чон ыраазычылык, Назира сага ийгилик, ден соолук.
@user-eh8bi1ww5j2 жыл бұрын
Кыргыз ким экенин унутуп бара жатат. Кыргыздын өзүнүн жазылбаган мыйзамдарын, каада-салт, үрп-адаттарын даңазалап, азыркы жаштарга үйрөтүш керек.
@user-om9ej1ji4n2 жыл бұрын
Жаратканга бейесеп шугурлор болсун сиздей уулдары бар кыргыз болгонума сыймыктанамын Назирага рахмаат эки дуйно бактылуу болгула.
@rozashaimkulova13592 жыл бұрын
Сонун! Кийинки маекти чыдамсыздык менен күтөмүн!
@mirlanadylbekov93502 жыл бұрын
Мелис агай сизге ден соолук каалайм аман болуңуз. Мына ушундай түшүнүктүү жеткизип айтып бердиңиз. Рахмат
@user-kl3vq1fd5q2 жыл бұрын
Күндө бир маал көрүп турса да аздык кыла турган маек болуптур! Сонун!
@user-mz7rb7vb9q2 жыл бұрын
Кыргыз эл-журтуна абдан керектуу сабак,
@user-pg6gs2gh5t2 жыл бұрын
Мелис Мураталиев,сизди маданият министр болушунузду коргубуз келип жатат.Татыктуунуун тактыктуусу болот элениз.
@Asel20262 жыл бұрын
Независивый советник болсо деле далай жумуш бүтүрсө керек,пайдасы тийип
@beishenbekkyzy41732 жыл бұрын
Биздин бийликтегилер татыктуу адамдарды буттан тартып, болушунча каралап, эптеп кызматтан кетиргенге шашышат. Болбосо, Туголбай Казаков агайыбыз деле жакшынакай иштеп бермек. Бул кызматты Туголбай агайга ыраа корушпогон манкурттарга оздору каалаганындай калчап, башкара ала турган кошоматчылар керек. Жакшы, мыкты адамдар азыркы бийликте отурган манкурттар, киргиздер тукум курут болмоюн, оздоруно татыктуу кызматтарга эл каалап турса да жакын жолой алышпайт. Анткени, таза, калыс, чынчыл, адамгерчиликтуу инсандардын аларга кереги жок.
@azaternis2 жыл бұрын
Көрө электе эле like бастым. Көптөн бери суранып келаттым эле. Чоң рахмат!
@bolotsydykov41582 жыл бұрын
Ото таасирдуу маек болуптур. Ушундай мыкты тарыхты, маданиятты семичкедей чаккан инсандардан сабак алсак, азыркы сен арабсын, сен батышчылсын деген тушунбостук болбос эле.
@user-fv2dk9im9y2 жыл бұрын
Мелис агайды угуп кайра торолгондой болосун го👍👍
@user-kl2th5ri7o2 жыл бұрын
Азаматсыз Мелис мырза, маегиниз ото маанилуу болуптур, ушуну коомго терен синируу, жайылтуу керек го, бала бакчадан баштап программага кийруу керек, сиздей мекенчил нарктуулар озогун жогото баштаган элге ото керек, ишинизге ийгилик
@chyngyznazirov44112 жыл бұрын
Кандай соонун создор
@user-hm1ne2ne3g Жыл бұрын
Чоң энем айтчу эле: - Жакшы адамды карап олтуруп, жакшы жактарын үйрөнүп алгым келет,-деп. Мелис иним, сенден көп нерсе үйрөнсө болот экен. Бар бол. Назира сага алкыш.
@user-su8cd7nr6c2 жыл бұрын
Керемет...кандай гана философиялык ой жугуртуулор.
@qweasd77522 жыл бұрын
Азаматсыз агай, ушинтип азыркы муундарга кыргыз элинин тарыхын жеткизип турунуз, омурунузго береке берсин Аллахым,Рахмат,коп коп чыгып турун эфирге.
@Az-de7jd2 жыл бұрын
Кыргыз кудай деп суйлойт,араб лолулор, сарттар суйлойт алдагы созунорду
@user-xj9hf2li6q2 жыл бұрын
Мелис мырза сизге чоң рахмат. Ийгилик сизге. Назира азаматсың, алтыным, дагы да өркүндөй бер. Элге көп илим берүүчү адамдардан илим алсын элибиз.
@user-gd7cx2hu4r2 жыл бұрын
Мелис ака а акыл омурунузго берекее бар болунуз кыргыздын бактысына сиздей агаларыбыз ак-сакалдарыбыз эл ичинде гоп болсо экен назданган Назира укам сен деле кем болбо журтка жасап жаткан кызматынан жазба садагам
@rozachoyunbaeva31702 жыл бұрын
Мелис мырза, ыраазычылык,сонун маек болду ,дагы кутобуз,бизде ушундай Адамдар коп болсун,кыргызым бактылуу калк, ишинерге ийгилик.
@MD-vp9qz2 жыл бұрын
Эхх, кандай гана сонун сөздөр.
@user-ze2od1vv6i2 жыл бұрын
Мектепке сабак кылып киргизсе сонун болот эле.
@user-mr8fv2lf8o Жыл бұрын
Керемет,Мелис байке,Назира айым маегиниздер үчүн терең ыраазычылык билдирем! Бар болгула кыргызымдын асылдары!
@timakmat6407 Жыл бұрын
Биздин мындай интелектерибиз сакталып калгандыгы, Кыргыздын учу куур эмес экендигинин белгиси.
@iloveyoudadadadadadad33812 жыл бұрын
Ыраазымын!!! Уландысын кутобуз. Баарыныздарды жакшы кором. Элимде тынчтык болсун.🙏❤️❤️❤️
@baktygularkulova39632 жыл бұрын
Назира алтын кыз аман бол, көз тийбесин, сөз тийбесин, билгенден биле элегибиз көп экен, көзүм ачылды. Ушундай керектүү маектерди күтөм. Ыраазымын,🙏
@rtzzz13762 жыл бұрын
Эн сонун тушунукторду камтыган Кыргыз эли болгон.Азыр батыштын уйротуусу менен нарк насилдердин баары жок болуп баратат.эн окунучтуу .
@jibeksagynovna94672 жыл бұрын
Ар бир созу орундуу,олуттуу ойду камтыган,кыргыздын тарыхына озгочо салымын кошкон жана кошуп келе жаткан Мелис агай бар болунуз,арыбаныз🤲🏻Эл сиздин сабактарынызга суусап турат,сиздей адамдар бар-биздин учубуз кур эмес,Кыргыз таануудагы окуучунуз))
@user-vz3io5lz5m2 жыл бұрын
Сонун уккан сайын уккуң келет Ракмат Назира Мелис агай менен жакшы маек жасапсын
@perianarbek2 жыл бұрын
Мелис агай 😍😍😍 8-классыбызда мектепке, жаш балдарга атуулдук сезимди орнотуусун күчөткөн Кыргыз таану долбоору менен келди эле. 2 жыл аралыгы ичинде жакын иштешип, өзүбүзгө окшогон, кыргызга күйгөн жаштарды жарата алдыңыз деп айта алам ✊🏻❤️ Азыркы биздин бардык ийгиликтер, ар бир жерибизге тийгизген пайдабыз сиздин кайсы бир учурда бизге салган данегиңизден келип чыккан. Ийгилик, агай 👏🏻👏🏻👏🏻
@user-qf9rn5tj5x2 жыл бұрын
Эн сонун маек,бар болунуз Мелис байке.
@user-ej6ho7yi4d2 жыл бұрын
Дастан Сарыгулов Ата менен да маек курсаңыз жакшы болмок! Кыргыз жөнүндө Толгон токой маалымат бар эле!
@MD-vp9qz2 жыл бұрын
Сөзүңө кошулам тууган.
@user-gi6zo7us1j Жыл бұрын
Ооба,ал агай дагы кыргыздар жонундо изилденип, бирок союз учурунда бизге жетпеген далай даректуу маалыматтарды алып чыкты
@nazgulasanbekova24742 жыл бұрын
Мелис Мураталиев бар болуп аман болунуз кыргыздын бактысына бар болунуз!
@mina.mix992 жыл бұрын
Абдан сонун Назира эже рахмат чоң 🌹 Мелис агай менен көп эфирди алып барышыңызга тилектешмин. Бир эле сөздүн чечмелениши, бүтүндөй жашоо образын чагылдырып берет деп ойлогон эмес элем. Агай айтып жаткан "Нарк"- деген сөзгө кайрадан ээ болуп, татыктуу болуп жашаганды, үй-бүлө институтун ар бир ата колго алып, милдетин аткарса деп мындан ары тилек кылам жана кыргыз эли өзүбүздүн кыраандыгыбызды даңазалйлы!!!
@user-iz1ud4ke9d2 жыл бұрын
Ушундай Тарыхыбызды айтып жургон агалар бар болсун,Назира молодец ушундай интервью алганына.
@aidaalmanbetova36632 жыл бұрын
Мелис мырза бар болуңуз.Сиздей ажоо болсо мен колдомокмун,кыргыз элиме сиздей ажоо керек.
@user-xu2bg8nv5e2 жыл бұрын
Абдан жакшы создор болуптур кыргыз элине керектусоздор экен тушунолу
@user-gj9cl5mu4v2 жыл бұрын
Баракелде! 👏...Азамат! 👏Рахмат! 👏Ушул адам чоң таазим! 👏🤲💯🇰🇬
@user-bm7xm7xq6f2 жыл бұрын
Сонун сонун бар болунуз Мелис ага жаша Назира.
@eladieleladiel22552 жыл бұрын
Эрктуу, нарктуу асыл тукум болсун Кыргыз элинде 🥰🥰🙏🌺
@elnurachynkojoeva49542 жыл бұрын
Я с нетерпением жду каждую передачу Назирочка.После интервью с Зейнеп эже я узнала о Мелисе Мураталиеве .И ждала вашего интервью с ним.А также от Зейнеп эже узнала о Айчурок Усеновой о родословной. Как все взаимосвязано.Ыраазымын Назира, благодаря вам я узнала столько замечательных осознанных людей живут у нас и потихоньку делают свою работу.А сколько пользы приносите Вы.Ыраазымын Кудайым колдосун сизди
@rozaroza28472 жыл бұрын
Сонун маек ! Агай сизге чоон ракмат! Назира , алтын кыз!
@user-sy8nf4sj9o10 ай бұрын
Какой умница! Настоящий патриот!Биздин элде ушул Мелистей коп болсо жигитер мамлекетибиз онукон ,кучту .., болмок!Жанакы тарыхчылар окмушкер соройлор ,кыргыздын тарыхын изилдеп ушундай передача откорушпойбу!!!
@ashirkanimankulova75222 жыл бұрын
Назира Сенин ой жугуртуун ото терен дагы изден кыргыз элинин туп нускасын элге жэткиз бар бол кызым
@mirlanadylbekov93502 жыл бұрын
Назира сен мыкты кызсың азаматсың кыйнсын кыргыздын бүт каймактарынан эсте каларлык элес тартуулап келесиң керемет
@user-hk6ix2dp1v2 жыл бұрын
Эмнеге ушундай Кишилер коп чыкпайт интеренетке телевизорго.эх Энгри керек нерселер айтылды
@user-or4sc1ro5m2 жыл бұрын
Назира азаматсын! Маегинер абдан кызыктуу болду, кийинкилерин чыдамсыздык менен кутобуз. Бизде кыргыздарда силердей Мелис байкедей, Назира сиздей адамдар коп болсун! Негизи Мелис байкенин интернет булактарынан тапкан интервьюларын, маектерин, лекцияларын коруп турам, кыргыздар биз кандай болуп жашаш керек деген жана уй булоо, ж.б. темалары абдан жагат. Рахмат 😘
@user-xj9hf2li6q2 жыл бұрын
Дагы келип, башка темаларды түшүндүрүп кетиңиз Мелис мырза. Назира дагы улант.
@user-wz6hv6nl8g2 жыл бұрын
Колдойм!
@manaskyrgyz72052 жыл бұрын
Өтө керемет түшүнүктөр экен. Демократия бул мыйзамдын чексиз бийлиги деп түшүндүрүлөт, а кыргыздар качан эле миңдеген жылдар бою демократияны Нарк деп атап, нарк менен өнүгүп дүңгүрөгөн каганаттарды куруп келген экен да. Кан бийлигинен нарк күчтүү деп таамай айтылган экен, азыркы сөз менен айтканда - президент болобу же айылдагы койчу болобу баары бир мыйзамга баш ийип жашаш керек экен башкача өлкөнүн өнүгүшү мүнкүн эмес .
@jgxvjhch21922 жыл бұрын
МЕЛИС СЕНИН АЙТКАНДАРЫНДЫ НУЮП РАХАТТАНЫП УГУП ЫРААЗЫ БОЛДУМ., СЕНДЕЙ АДАМДАР КОП БОЛСО КАНДАЙ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ.ДАГЫ ДАГЫ УГУП ОТУРА БЕРГИМ КЕЛДИ, ТИЛЕКЕ КАРШЫ УБАКЫТ АЗАЙГАНЫН КОРУП ТУРАМ..КУДАЙ ОМУРУНДУ ДЕН СООЛУГУНДУ БЕРСИН.СЕН БАЛАМ АБДАН КЕРЕК АДАМСЫН ЭЛИБИЗГЕ, ТЕЗ ТЕЗ ЧЫГЫП БИЗДИ СУЙУНТУП ТУР БАЛАМ.УЙ БУЛООН МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛУПЖАШАГЫЛА. БАРБОЛ БАЛАМ АМАН БОЛ.
@Asel20262 жыл бұрын
Ошон үчүн тарыхты изилдеп, жети атаны изилдеп,тегибизди билип, уул- кыздарыбызга айтып бериш кк. Зомбоящиктен: силер койчу болгонсуңар десе ишенип отура бербей, критическое мышлениени жандырып Китеп окуш шарт, милдеттүү түрдө. Тарыхты жок кылып салганы маалым телевизор көрбөгөн кишиге.
@user-jp9yo9ps5g2 жыл бұрын
Мелис агай, Назира маегиңиздерге чоң рахмат. Билим жана маданият тууралуу маегиңизди күтөм.
@shirintemirova5582 жыл бұрын
Назира алтындай болгон кызсын да жаш болсон да терен коз карашын бар👍👍👍
@user-zc6vh8xj9l2 жыл бұрын
Назира Мелис агайдын нарк тууралуу маегин элге алып чыкканынызга чоон ыраазычылыгымды билдирем. Мелис агайдын "Кыргыздын айтылбаган таарыхы, салт -санаасы " ж.б 40 тан ашык темадагы сабагы бар. Ошол сабактын 10 на катышып , калганына катыша албай калдым . Анткени группадагылар ар кандай шартары боюнча келе албай тарап кетишти. Колунан келсе, группа тузуп, ушул сабакты укканга жардам берсен ,суранат элем.
@user-eu5sq5ne5i Жыл бұрын
Мелис агайга ал сабактарын видеосабак кылып тартып ютубка, балдардын каналына, корсотуулоруно, радио, ТВ дан корсотпой сонун болоор эле.
@moonlove30302 жыл бұрын
Сонун тема болуптур рахмат!
@mesary9649 Жыл бұрын
Эн маанилуу, эн орчундуу суроо каралыптыр. Озум учун коп ачылыш жасадым, чон рахмат! Ушул билимди бутундой элибизге эстетип, элибизди ойготуш керек болуп жатат. Кудайым бизге жардам берсин🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏
@user-rz4bi6qk9x2 жыл бұрын
Омурлуу бол мен кубалап кором
@user-pz9lu2xv1g2 жыл бұрын
Урматту Мелис мырза, мен сиздин ачык лекцияларынызга катышкым келет, откорбой калдынызбы, сиздин ой жугуртунуз абдан жагат. Ушул кыргыз философиясын башка тарыкчылар, филосовтор, манасчылар менен кошулуп Бир Негизни китеп чыкса абдан чон ийгилик болот эле - орусча айткандай Настольная Книга Жизни, айрыкча кийинки муунга, адашпай-озунун Идентичность ким экенин журогу менен тушунуп жашаганга. Мен союздун киргизкаларынан мын😊ошондуктан билем бул маселенин чондугунун. Озунуздор коруп атасыздар жаштар ар тармактан озун издеп жатышат - религия, йога, медитация ж.б., Бул нерселер абдан жакшы ыкмалар, бирок Идентичностту (кыргызча созду билбейт экенмин ) тапса йога жон эле физкультура болуш керек, шашоо философиясы болбой. Бул чон маселе, кыскача, биз озубузду таану абдан чон мамлекеттик маселе деп тушуном.
@user-st6bs9mz8h2 жыл бұрын
Кан бийлигинен нарк күчтүү..... Эн сонун👍👍👍
@speedo82722 жыл бұрын
Ырахмат, сонун маек болуптур 👏👍.
@Beksultan.Abihalil8 ай бұрын
Азыркы тил менен терен тушундуруп бердиниз рахмат! Кудайым омурунузго берете берсин,ушунтип Кыргыз Наркын калын журтка таанытып журобериниз!
@user-oo5xs9ld5f2 жыл бұрын
Ыраазычылык билдирем сиздерге. Кыргыздын ар бир сөзү терең экенине дагы бир жолу көзүм жетти.
@user-dk9ti2et9h2 жыл бұрын
Бар болгула!Элге кененирээк,тереңирээк,тезирээк жайылсын,эң керектүү маалыматтар,улуттук идеология катары киргизүү керек!
@akul_71772 жыл бұрын
Таасирлуу маек болуптур,бар болунуздар! Кыргыздын нукура нарк насили менен жашасак, кандай сонун болмок. Болок маданият каптап жатканы окунучтуу.
@user-ht5gb8qp6k2 жыл бұрын
Мыкты мыкты🔥🔥🇰🇬🇰🇬
@munarazhaparkulova19322 жыл бұрын
Мыкты кызсың Назира👍🌹. Азыркы замандын кыз Сайкалы🔥
@user-ii5hp6ql7v Жыл бұрын
Коптон бери Мелис мырза менен маек кутуп журдум эле. Керемет! Улам улам кайталап угуп атам,кулагым суйунуп. Кыргыз Элинде азыркы мезгилде Мелистей каада салтты жеткире айтып берген инсан азыраак. Маданият министри болуп иштесе жарашмак.Сонун маектен ырахат алдым. Назирка,сага рахмат.
@user-tx2qf3lc3r2 жыл бұрын
Абдан сонун сабак, кыргыздын тарыхын билгенибиз ар Бир кыргыздын парзы. Жеткиликтуу суйлогон
@ashirkanimankulova75222 жыл бұрын
Ошол кыргыз наркыбыз менен жашасак чала араб болбой
@beishenbekkyzy41732 жыл бұрын
Кыргыз элинин 60 - 70 пайызы чала араб менен киргиздер болсо, бийликтегилер каалаганын кыла беришет да. Эн окунучтуусу, ата-энелер балдарын оз каалоолору менен орус бала-бакчаларына, мектептерине, медреселерге беришет. Ошол балдардын ой-жугуртуулору, коз-караштары, дили, суйлогондору такыр башкача. Кыргыз элинин улуулугун, аруулугун, касиеттерин, баркын, наркын, салт-санааларын, баалуулуктарын, эн башкысы тилин ар дайым жокко чыгарып келишет. Мен озум ошондой жаштар менен канча жолу кездешип, тушундуруу иштерин жургузуп келем. Ба́арынан окунучтуусу, ошол эле балдар ата-энелерин туура жолдон чыгарып жатышат. Менин оюмча, бул кандайдыр бир батыштык уюмдардын, диний секталардын кызыкчылыгы менен жургузулуп жаткан пландуу иш. Оз тарыхын, тилин, каада-салттарын, нарк-насилин унутуп, жээриген элди башкарган оной болсо керек. Чынын айтсам, кээде элибиздин, жерибиздин, балдарыбыздын келечегин ойлогондо, коркуп кетем.
@baktygularkulova39632 жыл бұрын
Эң сонун сөздөр 👍👍👍 туура, нарк-насилибизди сакташ өз колубузда. Агайдын сөздөрүндө калет жок, ушуну элге жеткирүү абзел 👍👍👍
@user-tm4gs1nw1x2 жыл бұрын
Назира сага алкыш.М.Мураталиевди биринчи жолу ЖКтин трибунасынан укканда ушунчалык сыйлап калгам.Ошондон бери канча убакыт отту,бирок теледен убакыт Берели,элге керектуу экен деген Бир Жан жок.Ошого абдан капамын.
@user-mf5if1td6b2 жыл бұрын
Керемет маек болуптур. Бар болунуздар.
@salamatsatybaldieva49232 жыл бұрын
Эл ичи өнөр кенчи дегендей Кыргыз дын идеология сынын негизи табылып ыр эң сонун. Кыргыз өзүн таануу сабагын 1 класстан баштап жоок бала бакчада н.баштап сабак катары программа га киргизүү керек Азаматсыздар ушул сыяктуу нарктуу чечмелөө азыркы жана эртеңки келечегибиз дин муундары 180 градуска өнүгүп өсүп жетилет
@azaternis2 жыл бұрын
Мелис Мырзадай адам Кан болсо кандай керемет болот эле.
@turbinakg2 жыл бұрын
Ушундай кыргыздын оздугун мектеп сабактарына киргизип, муунду тарбиялаш керек.
@user-yn1zh7we5k2 жыл бұрын
Назира айым сиздин ишиңизди баалап турабыз! Азаматсыз! Көөдөнүбүзгө азык болгон берүүлөрдү жаратып атасыз. Ыраазычылык! Кыргыз деген улуу эл болгонун жарыялай бергиле. Ийгилик! Дайыма күтөбүз.
@bermetbaral97715 ай бұрын
Не деген сабаттуулук... аттиң ар бир кыргыз ушул агадай билимдүү болсо ээ...👑💫
@rozadjangarachova8004 сағат бұрын
Очень полезная лекция, Слушала судовольствием, хоть я и русскоязычная, баарын тушундум, Мелис. Очень, хорошим языком, грамотным и доступным объяснили. Я наблюдаю многие вещи кыргызы не понимают, даже не изучают, не интересуются. В основном, масса людей не образованная. Всё сидят в телефоне и еще больше деградируют. Мне кажется, многие вещи, о которых Вы говорили сегодня, надо учить уже в деских садах, в школах, как обязательные предметы. Кыргызы должны знать о своих истоках, обычаях и традициях с раннего возраста. Сый дегенди учить детей с трех,четырёх лет. Азыр сый жок, в том понимании, о котором Вы говорили. У меня к Вам вопрос, уважаемый Мелис; Почему у нас столько воров? Я понимаю, балык башинан сасыйт. Но я вижу много видео о карманниках, часто в соцсетях, воруют везде в магазинах, на базарах, на вокзалах. Воруют теперь и женщины! Ходят по двое, одна отвлекает, другая кладёт себе в сумку. Как объяснить это. Может это на генетическом уровне? Было ли и раньше такое. Ведь каждый старается своровать, в прошлом году у меня украли зонт и 2 пары очков затемненных, дорогих. Что за феномен? Буду благодарна Вам за ответ.
@user-de7lw5pd7k5 ай бұрын
Уучубуз куру эмес. Нарк билген, барк билген кыргыздын эр азаматы бар. ИНСАН. Бар болуңуз . Бапестеп барктап алууга, наркын сактап калууга кадырман калкыбыз бар.... Сонун маек. Дагы күтөбүз, Назира. Ырахмат.
@user-we5bi5cn9e2 жыл бұрын
Назира арыба, бар бол. Мелис болсо кыргыздын каймагы, элитасы. Окунучтуу, жакында эле билдим Мелисти. Орус журналистине да соонун маек берген.
@user-ex4dc3vz7h2 жыл бұрын
Кайсы журналистке берди эле маек жазып кое аласызбы эжоу.
@erborb8213 Жыл бұрын
@@user-ex4dc3vz7h лариса булина деген блогер
@user-vc6nv7kt3z Жыл бұрын
Уккун эле келет, сонун ушундай билимдуу инсандарыбыз кобойсун, жоголбойлу кыргыз жоголбойлу
@user-vh3us6ch4n2 жыл бұрын
Мелис,биз окшогон угуучулар үчүн асмандан түштүбү,же жерден чыктыбы,Назира дагы экинчи жолу да чакыр бул кишини,сураныч?Бул Мелис кыргыздын накта,философунун да каймагы экен пай-пай,кайра-кайра он жолу угуп,көрдүм бул берүүңдү,Назира азаматсың,иштериңерге ийгилик!!!Бул Мелис сөзсүз Садыр президенттин чөйрөсүндө,кыргызды түптөө үчүн иштеши керек,баалаш керек мындай адамдарды,"нарк"деген сөздү совсем башкача түшүндүрдү гоо,бул убакка чейинки көрсөтүүлөрүң бир тең,бул Мелис менен болгон маек бир тең болду,мен үчүн,баракелде,көп жашасынчы,мындай эр адамдар...
@naziraaytbekova.2 жыл бұрын
Абдан кубандык! Таратканга көмөк болуңуз.
@user-xz2ir3zz4k3 ай бұрын
Кыргыздан улуу нарк калган, Казактан улуу барк калган дегенди 10 жылдан бери эми тушундум. Ага сизге терен ыраазычылык айтабыз, бар болунуз. Эми барк дегенди да чечмелеп берсениз.Садагам Кыргызым...
@raatbekbekmyrza7810 Жыл бұрын
Бир суроого 1саат жооп берди, соз байлыгы илими Рахмат агайга. Токтотпой эле койсо болмок соонун маекти узуп бутуруп салды. Жашасын Кыргыздар Алга Кыргызстан ✊🇰🇬
@avazabdurakhmanov21742 жыл бұрын
Абдан жакшы маек болуптур, сабак болчу!
@user-yq9nh6bd6k Жыл бұрын
НАЗИРА МОЛОДЕЦ! Кыргыздын эн сонун уюткулары мн маектешип тарыхка кала турган сонун кэреэмэт элине тартулап жатасын . Угуп эле отурчу сонун керемет маектер , Ар бир программанда. адам ичине сунгуп. кирип кетет ,угуп. отуруп жан дуйнон эсалат 👍👍👍👍👍💖💖💖💖💖💖💖❤❤❤❤❤❤💥💥💥💥💥💥💥
@Jokibrother2 жыл бұрын
во 12:58 минутада созун мыкты жыйынтыктап айтты
@aselinkg Жыл бұрын
Сонун, азыр Энесайдагы, Сибирде кобунчо улуттар кыргыздан тараганы айкын эле болуп турат🙌
@nurgulsaiakbaeva96242 жыл бұрын
БлагоДарю тебе, Назира. Сонун маек, абдан сонуу собеседник. Здоровья тебе и ПРОЦВЕТАНИЯ
@user-bb1ch6wh7i Жыл бұрын
Кандай сонун адамдарыбыз бар 👍👍👍
@lorihardly93502 жыл бұрын
Терен ыраазымын, бар болунуз агай!
@user-tr3uy6gc3r2 жыл бұрын
Туптуура айттыңыз өзгөчө түштөндүрүү боюнча," эл эмне дейт" деп жатып кыргыздар кесирлик кылып жатканын билген жок
@user-df3qv7tv4k Жыл бұрын
Бали Мелис аман бол бар бол ! Мектепке , ЖОЖ ына ылайыктап программа жазыңыз биз деги эле мен кыргызмын дегендин баары сизди кош колдоп колдоп беребиз !!!
@turatesenaliev83222 жыл бұрын
Эң сонун маек!!!
@user-tg9hi5hq9p2 жыл бұрын
Назира азамат, мелиске окшогон азамат жигиттерди кобуроок чыгарып тур. Эмкиси Дастан аксакалды кобуроок билгенин айтырып кал. Ал аксакал карып калды, Дастан аксалдай аксакалдарыбыз калбай калды. Кыргыз эли ушундай салтты, тарыхты билгендерди сактап данктап турушу керек. Азыркы кыргыз акчанын кулу, ээрчиме кыргыз болуудан, эрктуу, намыской кыргызга айланыш керек.
@aisalkynashirova23812 жыл бұрын
Мелис агай менен дагы көйгөйлүү маселени алып чыккыла